«QazTrade Accelerator»: программанын 2-этабында казакстандык экспорттоочуларга эмнелерди үйрөтүшөт?

«QazTrade Accelerator»: программанын 2-этабында казакстандык экспорттоочуларга эмнелерди үйрөтүшөт?

Казакстан Республикасынын Соода жана Интеграция министрлигинин QazTrade Accelerator Экспортту тездетүү программасынын темпи күчтүү. Эми экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү каалаган ишкерлер менен вебинарлар жана тренингдер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Алар Кытайдагы сатуунун негизги каналдары боюнча тажрыйбалык кеңештерди алып, бул каналдарга кирүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн оош-кыйыштарын билишти. Ошондой эле, экспорттоочулар кайрыла ала турган мамлекеттик каржылык колдоонун бир катар иш-чаралары менен таанышты. Атап айтканда, жарым-жартылай аванс төлөө, келишим боюнча кийинкиге жылдыруу, экспортко чейинки каржылоо, насыяларды камсыздандыруу. Белгилей кетүүчү нерсе, бул инструменттер казакстандык экспорттоочуларга тышкы рынокко чыгууда каржылоону жеңилдетүүгө жардам берет.

«Теке айынын аягынан бери биз Тездетүү программасы менен жигердүү иштеп жатабыз. Эки жумалык жеке жолугушуулардын жүрүшүндө Кытай базарына экспорттоочулардын көйгөйлөрү, ар бир катышуучунун атаандаштык артыкчылыктары аныкталды. Экспортту тездетүүнүн экинчи этабы башталды, ал ишканаларды кытайлык өнөктөштөр менен келишим түзүүдөгү кол коюуларга даярдоону көздөйт», - дейт «QazTrade» «Соода саясатын өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрү Арман Абенов.

Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү «Кытайдагы негизги сатуу каналдары» аттуу тренинг вебинары болуп өттү. Эл аралык серепчилер өз тажрыйбаларын кытайлык өнөктөштөр менен бөлүштү. Алардын айтымында, бүгүнкү күндө Кытай электрондук соода аянтчаларынын саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Онлайн сатуу Кытайдагы керектөө товарларын чекене сатуунун жалпы көлөмүнүн болжол менен 30% түзөт. Буга байланыштуу адистер экспорттоочуларга Кытай базарындагы онлайн сатуу инструменттерин изилдөөгө өзгөчө көңүл бурууну сунушташты.

Экспорттоочуларды колдоо алкагында Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин маалымдашынча, ата мекендик азык-түлүк өндүрүүчүлөрдүн өнүмү CIIE-2020 импорттолуучу товарлар менен кызматтардын 3-Эл аралык көргөзмөсүнө катышуу үчүн Шанхайга жиберилет. Көргөзмө жетинин айынын 5-10 аралыгында өтөт. Бирок ага катышкан компаниялардын өкүлдөрү өз экспонаттарын онлайн режимде көрсөтүшөт. Бул экспортко багытталган өндүрүүчүлөрдү колдоонун дагы бир жолу дешет серепчилер.

 

Фото: biz360.ru