Казакстан өкмөтү агробизнес чөйрөсүндөгү долбоорлорду колдойт

Казакстан өкмөтү агробизнес чөйрөсүндөгү долбоорлорду колдойт

Өкмөт агроөнөр жай комплексиндеги жаңы долбоорлорду колдоого даяр. Бул тууралуу Аскар Мамин Өкмөттүн жыйынында билдирди.

«Биздин алдыбызда аймакта азык-түлүк хабын түзүү милдети турат. Бизде агробизнести өнүктүрүүгө, экспорттук дараметти өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, жаңы технологияларды киргизүү жана ага жараша жаңы экспорттук рынокторго чыгуу керек», - дейт Аскар Мамин.
Мындан тышкары, мекеме башчысы - айыл чарба министри Сапархан Омаровдун айтымында, быйыл Казакстан дан өндүрүшүн 18 миллион тоннага жеткирүүнү көздөп жатат. Ошол эле учурда ата мекендик буудай жана ун Борбордук Азия, Ооганстан жана Кытайдын базарларына экспорттолот. Ошондой эле министр быйылкы өнүмдөр жогорку сапатта экендигин белгиледи.

«Дан кабыл алуучу ишканаларга түшкөн дан эгиндеринин сапаты жөнүндө маалыматтарга ылайык, жогорку сапаттагы буудайдын үлүшүнүн олуттуу өсүшү байкалууда, 3-класстагы буудай көлөмүндө дан наркы 25-27% болгон дан үлүшү 25,4% жеткен. 2019-жылы бул көрсөткүч 23,4% түзгөн. Дандын курамы 28% жана андан жогору болгон жогорку сорттогу HI-Pro буудайынын үлүшү 59% жетти, былтыркы жылы бул көрсөткүч 42,8% түздү», - деп кошумчалады  Сапархан Омаров.

Премьер-министр Аскар Маминдин айтымында, бүгүнкү күндө Казакстанда оруп-жыйноо иштеринин 93% ашыгы аяктады. Жаңы түшүмдүн экспорттук дарамети болжол менен 8 миллион тоннаны түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 12,5% жогору. Ошентип Мамин өлкө өкмөтү дан азыктарын кайра иштетүү өнүмдөрүнүн өндүрүшү менен экспортту көбөйтүүгө үмүт артуу керектигин айтты.

 

Фото: strategy2050.kz