Мунайдын дүйнөлүк баасы түштү

Мунайдын дүйнөлүк баасы түштү

Мунай трейдерлер коронавирустун жайылышынын «экинчи толкуну» башталышы мүмкүн деген коркунуч дүйнөлүк экономикага, анын ичинде чийки затка болгон суроо-талапка басым жасап жатат деп эсептешет. Ошондуктан дүйнөлүк эпидемия дагы бир жолу мунай баасынын төмөндөшүнө алып келди деп билдирет РИА Новости.

Азыркы учурда Brent маркасынын жетинин айындагы фьючерстери 4,06 пайызга төмөндөп, бир баррели 41,4 долларга, WTI фьючерстери 4,45 пайызга төмөндөп, 39,78 долларга түшүп кетти.

Ал эми WTI маркасынын тогуздун айындагы фьючерстери 4,14% төмөндөп, баррели 39,41 долларды түзүүдө.

Учурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө илдет жуктургандардын саны көбөйүп, карантиндик чаралар күчөтүлдү.

Ливияда мунай өндүрүшүнүн жанданышы жөнүндө кабар дагы баага кошумча таасирин тийгизди.

 

Фото: 1prime.ru


×