Шымкентте Борбордук Азияда теңдеши жок ишкана курулууда

Шымкентте Борбордук Азияда теңдеши жок ишкана курулууда

Индустриалык аймактар - бул өнөр жайды өнүктүрүүнүн жана жогорку технологиялуу тармактарды түзүүнүн жана инвестиция тартуунун булагы. Буга мисал катары «Түштүк» аймагын айтууга болот. Бул жерде капкагы бар алюминий банкалары чыгарылат. Борбордук Азияда теңдеши жок завод жылына 500 миллион алюминий банка чыгарат деп күтүлүүдө.

«Азыр өлкөдө алюминий банкаларына суроо-талап бар. Себеби, илгери мындай өнүм биздин өлкөдө өндүрүлгөн эмес. Алар Орусиядан алынып келинген. Логистика болгон жерде баа жогору болот», - дейт ЖЧКнын  уюштуруучусу Рустам Сухов.

Бул шаардагы эң ири металл жыйноочу завод. Долбоор чет элдик инвесторлор тарабынан каржыланган. Учурда заводдо алгачкы курулуш материалдары даярдалууда. Ал толук кандуу иштей баштаганда жылына 500 миң тонна өнүм өндүрө алат.

«Иштегенибизге 10-15 күн болду. Үч бурчтуу, тик бурчтуу, арматура, швеллер өндүрүүдөбүз. Көлөмү ар түрдүү», - дейт ЖЧК уюштуруучусу Айман Амирбекова.

Индустриалык аймактагы айнек заводунун өнүмүнө да суроо-талап жогору. Ал газдалган суусундуктарды, сүттү, ширелерди жана башкаларды өндүрүүчүлөр үчүн өнүм чыгарат. Мындан тышкары, Шымкент шаарынын акимиатынын маалыматы боюнча, мегаполисте дагы миллиарддаган каражатка бааланган башка долбоорлор мерчемделген.

«Индустриалдык-инновациялык өнүгүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында 2011-2019-жылдар аралыгында алгачкы эки беш жылдыкка карата шаарда жалпы суммасы 182 миллиард теңгелик 105 долбоор ишке ашырылды. 2020-2025-жылдарга үчүнчү беш жылдык план башталды. Эми жалпы суммасы 328 миллиард теңгени түзгөн 35 долбоорду ишке ашырууну мерчемдеп жатабыз», - дейт Шымкент шаары акиминин орун басары Айбек Саттыбаев.

Келечекте индустриалдык аймакта фармацевтика, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы тармагындагы жаңы ишканалар ачылат.

 

Фото: 24.kz


×