Казакстанда жапон технологияларына негизделген криптовалюталык биржа ачылат

Казакстанда жапон технологияларына негизделген криптовалюталык биржа ачылат

Казакстанда жапон технологияларына негизделген криптовалюта биржасы ачылат. Бул тууралуу Казакстандын Жапониядагы элчилигинде өткөн онлайн жолугушууда айтылды. Жаңы каржы түзүмү Астана эл аралык каржы борборунун аянтчасында иштейт деп мерчемделүүдө.

Мындан тышкары, AЭКБ өнүктүрүүнүн алкагында жапон компаниялары ушул өлкөнүн заманбап технологияларынын негизинде өндүрүшкө, айыл чарбасына, инфраструктурага жана байланыш тармагын санариптештирүү, блокчейн технологияларын киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашырышат.

Ошондой эле, Жапониянын дагы эки компаниясы Ата Мекендик тейлөө компаниясы менен Атырау облусунда мунайды кайра иштетүү, тоо-кен жана курулуш тармактары үчүн металл буюмдарын чыгаруучу завод куруу боюнча келишим түзүштү. Белгилей кетсек, заводдун баасы 8 миллион долларды түзөт.

Жолугушууда Казакстандын Жапониядагы элчиси Ерлан Баударбек-Кожатаев коронавирус пандемиясынын кесепетинен экономикалык туруксуздукка карабастан, жапон инвесторлору Казакстандагы жагымдуу инвестициялык климатка кызыктар экенин билдирди.

«Бул долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдер чакан жана орто бизнестин ортосундагы кызматташуунун дараметин көрсөтөт», - дейт элчи.

Жолугушууда тараптар өлкөдө жалпы суммасы 46 миллион долларды түзгөн инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу документтерге кол коюшту.

Белгилей кетсек, Жапония өлкөдөгү эң ири инвесторлордун бири. 1993-жылдан бери Күн чыгыш өлкөсү Казакстанга 7,3 миллиард доллар инвестиция салган.

 

Фото: kp.kz