Быйыл аймактарда 206 долбоор ишке кошулат

Быйыл аймактарда 206 долбоор ишке кошулат

Костанай облусунда ири машина куруу кластерин түзүү боюнча масштабдуу долбоор иштеп баштайт. Бул тууралуу Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкулов Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, бизнес-инкубатор айыл чарба техникалары жана автоунаа куруучуларга керектүү 2 миңден ашуун тетик чыгаруу менен өлкөдөгү ата мекендик өндүрүштүн үлүшүн көбөйтөт. Бул жаңы компетенциялардын кеңейишине таасирин тийгизет.

«Бул жерде айыл чарба техникалары жана автоунаалар үчүн тетиктер чыгарылат. Аянты 38 миң чарчы метр болгон өндүрүштүк комплекс ушул жылдын бештин айында пайдаланууга берилип, кийинки жазда толук кубаттуулукка чыгат. Костанай калаасынын өнөр жай аймагында КамАЗ кыймылдаткычтары үчүн тетиктерди чыгаруу жолго коюлат. Учурда инвестициялык келишимге кол коюуга даярдыктар көрүлүп, курулуш иштерин аяк оона айында баштоо мерчемделип жатат», - деди министр.

Министрдин маалыматына караганда, өндүрүлгөн өнүмдүн 95 пайызы экспортко багытталган.

«Натыйжада ал Орусияны, КМШны, ошондой эле Германиянын Daimler AG концернин камтыган глобалдык нарк тизмегине киргизилет. Ошентип аймак өнүгүүнүн агрардык-индустриалдык-инновациялык баскычына өтөт», - деди Бейбит Атамкулов.

Мындан сырткары, Бейбит Атамкулов министрлик аймактар менен биргеликте өнөр жайдын ар кайсы тармактарын камтыган индустриялаштыруу карталарын иштеп чыгарын билдирди. Анда аймактардын өзгөчөлүктөрү жана атаандаштык артыкчылыктары эске алынат.

«Быйыл аймактарда жалпы суммасы 995 миллиард теңгени түзгөн 206 долбоорду ишке киргизүү пландалууда. 18 миңден ашуун жаңы туруктуу жумуш оруну түзүлөт. Тармактар ​​боюнча эң көп агроөнөр жай комплексинде жана тамак-аш өнөр жайында - 76 долбоор. Курулуш материалдары жана унаа куруу жаатында - тиешелүүлүгүнө жараша 38 жана 19 долбоор», - деди ал.

Министрдин айтымында, 2020-жылдын 8 айында жалпы суммасы 204 миллиард теңгени түзгөн 28 долбоор ишке киргизилип, 4300 жумушчу орун түзүлдү.

«Үчүнчү кварталда жалпы суммасы 97 миллиард теңгени түзгөн 14 долбоорду ишке киргизүү мерчемделүүдө. Долбоорлордун негизги бөлүгү ушул жылдын төртүнчү кварталында башталат. Жалпысынан долбоорлор график боюнча ишке ашырылууда. Көйгөйлөр акимчиликтер менен биргеликте чечилет», - дейт Бейбит Атамқулов.

Ишке кошулган долбоорлордун инвестиция көлөмү боюнча Караганды, Актөбө жана Алматы облустары  алдыңкы орунда турат.

 

Фото: inform.kz


×