Казакстан чет элдик инвестицияларды жигердүү түрдө тартууда

Казакстан чет элдик инвестицияларды жигердүү түрдө тартууда

Быйыл Казакстандын экономикасына 3,6 миллиард доллар инвестиция тартылды. Finprom.kz маалымдагандай, Нидерланды, АКШ жана Орусия өлкөгө башкаларга караганда көбүрөөк инвестиция салышууда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө инвестициялык жагымдуу шарттар түзүлгөн. Мисалы, өлкөдө жөнөкөйлөтүлгөн салык режими иштейт, улуттук мыйзамдар такай өркүндөтүлүп, инвестициялык преференциялардын пакети кеңейүүдө.

Бүгүнкү күндө  ири эл аралык банктар жана инвестициялык компаниялар үчүн Астана Эл аралык каржы борбору көңүл буруучу борборго айланууга жетишкен. Ал ЕАЭБ жана Борбордук Азия үчүн инвестициялардын агымы жана ички каржы рыногун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө арналган уникалдуу институт. AЭКБ англис мыйзамдарынын принциптерине негизделген атайын укуктук режимге жана мыкты эл аралык стандарттарга негизделген көз карандысыз жөнгө салуу чөйрө, ошондой эле Борбордун Биржасы сунуш кылган кызматтардын кеңири түрүнө ээ. Бүгүнкү күнгө чейин борбор инвестицияларды тартууда өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөттү. Анын базасында 42 мамлекеттен 500 ашык компания катталган. Алардын катарында Улуу Британия, АКШ, Кытай, Орусия, Италия, Финляндия, Түштүк Корея, Сингапур, Малайзия жана башкалар бар.

Үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында дүйнөлүк экономика төмөндөө динамикасын сактап калгандыгын белгилей кетүү керек. Пандемиянын жайылышын ооздуктоого багытталган карантиндик чаралар экономикага терс таасирин тийгизди. Ошого карабастан көптөгөн эл аралык рейтинг агенттиктеринин маалыматы боюнча, Казакстан тышкы таасирлерди азайтуу үчүн мамлекеттик карыздын жетиштүү деңгээлин жана бюджеттин резервинин олуттуу көлөмүн сактап турат.

Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин божомолуна ылайык, 2021-жылы өлкөдө ИДӨнүн реалдуу өсүшү 2,8%, ал эми 2025-жылы - 4,6% түзөт. Бардык негизги тармактарда позитивдүү өсүш күтүлүүдө. Мындан тышкары, быйыл Moody's жана FitchRatings рейтинг агенттиктери Казакстандын рейтингин инвестициялык ишеним деңгээлинде көрсөтүштү.

 

Фото: inform.kz