Казакстандагы акы төлөнүүчү жолдор мөөнөтүнөн мурда пайдаланууга берилет

Казакстандагы акы төлөнүүчү жолдор мөөнөтүнөн мурда пайдаланууга берилет

«Караганды – Балкаш» автомагистралы мөөнөтүнөн мурда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу түз эфир учурунда «QazAvtoJol» УК» АК Башкармалыгынын төрагасы Улан Алипов билдирди.

«Караганды - Балкаш автожолунун аралыгы 363 чакырым. Учурда анда толук кандуу иштер жүргүзүлүп жатат. Жолду кийинки жылдын аягына чейин бүтүрөбүз. Балким майда-чүйдө жумуштар калышы мүмкүн», - деди Улан Алипов.

Компаниянын жетекчисинин айтымында, долбоордук мөөнөт боюнча жолду 2023-жылдын бугу айында бүтүрүү мерчемделүүдө. Бирок жаңы жолдун курулушу тездетилип, кийинки жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалып жатат. Ошондой эле Улан Алипов өлкөдөгү канча чакырым жол акы төлөнө тургандыгын айтты.

«Быйыл 5800 чакырым жолго толугу менен монтаждоо иштери жүргүзүлүп, тесттик режимде пайдаланууга берилет. Бизге тарифтер маселесин ар тараптуу изилдөө тапшырылды. Келечекте көптөгөн коомдук угуулар өткөрүлөт. Тиешелүү тапшырманы алгандан кийин ишти уланта  беребиз. 2024-жылдын аягына чейин биз 11 миң чакырым жолду акы төлөнүүчү кылышыбыз керек», - деди мекеме башчысы.

Белгилей кетсек, быйыл «Нурлы жол - 2» программасы башталды. 2015-2020-жылдар аралыгындагы «Нурлы жол - 1» программасынын алкагында 13 миң чакырым жол реконструкцияланды. Дагы 8 миң чакырым жол I жана II категориялуу жолдордун катарына киргизилди.

 

Фото: inbusiness.kz