Казакстан инвесторлор үчүн визалардын колдонуу мөөнөтүн 5 жылга чейин узартты

Казакстан инвесторлор үчүн визалардын колдонуу мөөнөтүн 5 жылга чейин узартты

Өлкөдө электрондук виза берүү тартиби бекитилди. Ага ылайык, Казакстан Республикасына чакырууларды каттоо жана виза берүү эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенин Тышкы иштер министрлиги билдирди. Ошол эле учурда бир жолку ишкердик, туристтик жана медициналык визаларды электрондук форматта ала турган 109 өлкөдөн турган тизме кеңейтилди. Мамлекеттик чек арадан өтүү Казакстандын бардык эл аралык аэропортторунда жүзөгө ашырылат.

Ошондой эле жаңы эрежелерге ылайык, мурунку мекендештерге 3 жылга чейинки мөөнөткө жеке сапарга арналган көп жолку визаларды алууга укук берилет. Ал эми инвесторлор үчүн визалардын колдонуу мөөнөтү 3 жылдан 5 жылга чейин узартылды.

Документте «Астана» эл аралык каржы борборунун инвестициялык резиденттерине виза берүү тартиби аныкталды. Эми бизнес-иммигранттарга чакырууну каттоо жүргүзүүдө өлкө облустарынын, республикалык мааниси бар шаарлар менен борбордун жергиликтүү аткаруу органдарынын өтүнүч катын бир катар органдарга жиберүү керек эмес.

Мындан тышкары, Казакстандын аймагында жеке, жумуш жана билим берүү визаларын үй-бүлөнү бириктирүү категориясына алмаштыруу мүмкүнчүлүгү каралган.

Казакстандын диний ишмердүүлүк жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон учурда, өлкөдө миссионердик кызматты жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүктөргө виза мөөнөтүн узартууга чектөөлөр  алынып салынды. Буга чейин бул визаны бир гана жолу узартууга уруксат берилген.

 

Фото: tengrinews.kz


×