Өкмөттө жалпы улуттук иш-чаралар планынын долбоору жарыяланды

Өкмөттө жалпы улуттук иш-чаралар планынын долбоору жарыяланды

Өкмөттө Мамлекет башчысынын быйылкы Кайрылуусун ишке ашыруу боюнча Улуттук иш-чаралар планынын долбоору жарыяланды. Улуттук экономика министри Руслан Даленовдун айтымында, долбоор жаңы экономикалык багыттын 7 негизги принциптерине негизделген жана 10 багыт боюнча 143 иш-чарадан турат.

«Биринчи багыт: Мамлекеттик башкаруунун жаңы модели. Мамлекеттик пландоо тутумун мындан ары өркүндөтүү мерчемделип жатат. Натыйжалуу кадр саясаты менен чечимдерди кабыл алуу тутуму камсыз кылынат. Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу максатында 2021-жылдын теке айынын биринен тартып мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн жаңы тутумуна өтүү ишке ашырылат», - деди ал.

Анын айтымында, экономикага мамлекеттин катышуусун азайтуу боюнча чаралар улантылат. Бардыгы 10 иш-чараны жүзөгө ашыруу көздөлгөн.

«Экинчи багыт - Жаңы шарттарда экономикалык өнүгүү. Бул багыттын негизги артыкчылыгы болуп кайра иштетүү тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана казакстандык камтуу үлүшүн көбөйтүү болуп саналат. Агроөнөр жай комплексинин дараметин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Өлкөнүн транспорт жана транзит тармагын жигердүү өнүктүрүү улантылат. Биз чакан жана орто бизнести, анын ичинде экономиканын жабыр тарткан тармактарын колдоону жана өнүктүрүүнү улантабыз. Акча-насыя саясаты маанилүү стимулдаштыруучу ролду ойнойт», - деди Руслан Даленов.

Ошондой эле министрдин айтымында, учурда салык милдеттенмелерин аткарууну жөнөкөйлөтүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул багытта жалпысынан 42 иш-чараны жүзөгө ашыруу мерчемделүүдө.

 

Фото: primeminister.kz