Казакстан АСЕАН өлкөлөрү менен байланышты кеңейтүүнү максат кылууда

Казакстан АСЕАН өлкөлөрү менен байланышты кеңейтүүнү максат кылууда

Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен мамилени чыңдоо жана АСЕАН менен байланышты кеңейтүү - Казакстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул тууралуу видео-конференция режиминде өткөн 41-АСЕАН ПААнын Башкы Ассамблеясынын пленардык жыйынында сөз сүйлөгөн Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин билдирди. Эл аралык жолугушууда дүйнөлүк жеткирүү чынжырларын калыбына келтирүү, учурдагы татаал геосаясий кырдаалда транспорттук-логистикалык каттамдардын ачыктыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.

«Бул жаатта Эл Башы Нурсултан Назарбаевдин бүткүл Евразия континентинде өнөктөштүк орнотуу боюнча стратегиялык идеясы өзгөчө актуалдуу. Евразиялык экономикалык биримдиги аркылуу АСЕАН менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк берет», - деди Нурлан Нигматулин.

Ошондой эле, күн тартибине тынчтык жана коопсуздук маселелери, Парламенттин аймактык кызматташуудагы жана COVID-19 илдетинен кийинки экономиканы калыбына келтирүүдөгү ролу, ишкер аялдарды жумуш жана киреше менен камсыз кылууда парламенттеги аялдардын ролун жогорулатуу, ПАА АСЕАН жаш парламент өкүлдөрүнүн  бейрасмий жолугушуусу тууралуу маселелер каралды.

Мажилис Төрагасынын айтымында, мындай форматтагы экономикалык байланыштарды чыңдоо континент өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө, экономикалык өсүшүнө жана жарандардын жыргалчылыгына күчтүү түрткү берет. 670 миллионго жакын калкы бар АСЕАН - ички дүң өнүмү 3,5 триллион долларды түзгөн жана тышкы соода жүгүртүүсү 4,5 триллион долларды түзгөн ири аймактык уюмдардын бири болуп саналат.

 

Фото: express-k.kz


×