Казакстанда Өкмөттүк эмес уюмдар академиясы түзүлөт

Казакстанда Өкмөттүк эмес уюмдар академиясы түзүлөт

Казакстанда өкмөттүк эмес уюмдар академиясынын долбоору ишке ашырылат. Бул тууралуу Казакстандын Маалымат жана социалдык өнүгүү министрлигинин Жарандык коом иштери боюнча комитетинин төрагасы Мадияр Кожахмет «Өнүгүү тарыхы: ички көз караш» 11-эл аралык конференциясында билдирди.

«Бейөкмөт уюмдарды кесипкөйлөштүрүү боюнча чараларды кабл алуу пландалып жатат. Туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү өкмөттүк эмес уюмдарды өнүктүрүү үчүн бейөкмөт уюмдар академиясы аттуу долбоорду түзүү мерчемделген. Академиянын түзүлүшү бул тармакты өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзүп, өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин компетенттүүлүгүн жогорулатат деп ишенебиз», - деди Мадияр Кожахмет.

Анын айтымында, «Асар» бизнес жана өкмөттүк үч тараптуу өнөктөштүктүн платформасы туруктуу иштейт. Аталган платформа алкагында бизнес менен катар социалдык демилгелерди өнүктүрүү көздөлгөн. Ошондой эле, айылдык өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн жандандыруу иштери да жүрүп жатат.

«Өлкөнүн бардык аймактарында айылдык өкмөттүк эмес уюмдардын дараметин арттыруу долбоорлору жүзөгө ашырылууда», - деди комитет төрагасы.

 

Фото: pavlodarnews