Серепчи: кыймылсыз мүлк рыногунун абалы өзгөрүшү мүмкүн

Серепчи: кыймылсыз мүлк рыногунун абалы өзгөрүшү мүмкүн

Коронавирустук инфекциянын жайылышы уланып жатканына карабастан, Казакстанда кыймылсыз мүлк рыногундагы абал туруктуу экенин адистер белгилешүүдө. Өзгөчө кырдаал учурунда турак-жай алуу жараяны токтоп калганы байкалган Бирок кырдаал баш оона айынан тартып оңоло баштады. Адамдардын көбүн жеке батирге ээ болуу маселеси ойлондурат. Батирди ижарага алгандан көрө өз үйүнө ээ болууну каалагандардын саны көбөйүүдө, дешет серепчилер.

«Былтыркы жылга салыштырмалуу баалар олуттуу өзгөргөн жок. Үй сатып алуунун маанилүүлүгү биздин менталитетке жакын. Өз үйүң өлөң төшөгүң демекчи, жеке үйү бар адам өзүн коопсуз сезет», - дейт Казакстандын биргелешкен риэлторлор биримдиги кеңешинин мүчөсү  Галина Ярошенко.

Жаңы курулган же экинчи класстагы турак жайлар - кайсынысы пайдалуу? Бул батир ээсинин чөнтөгүнө жана каалоосуна жараша болот. Тармактык адистер курулуш компаниясын тандоодо этият болууга кеңеш беришет.

«Албетте, бардыгыбыз шаардын борбордук райондорунда кымбат баалуу турак-жайларда жашоону каалайбыз. Көпчүлүгү курулуп жаткан үйдөн батир сатып алуудан тартынышат. Мындай тобокелге барууга даяр болгондор аз. Бирок бүгүнкү күндө бул шектенүүнү азайтуу үчүн курулушка жана башка турак жайларды алууга үлүштүк катышуу боюнча эффективдүү программалар бар. Абал 5 жыл мурдагыга караганда бир топ жакшы. Мындай учурда чөнтөгүңүзгө караңыз деп кеңеш берет элем. Кирешени эсептөө максатка ылайыктуу. Кийинчерээк, мүмкүнчүлүк пайда болгондо батирдин базасын кеңейтип, ыңгайлуурагын алууга болот», - дейт Казакстандын курулушчулар биримдигинин мүчөсү Серикжан  Мергенбаев.

Серепчиинин айтымында, турак жайдын баасына бир нече жагдайлар таасир этиши мүмкүн. Ипотекалык насыяны жана башка жеңилдетилген насыяларды төлөө үчүн пенсиялык төгүмдөрдү төлөп берүү мүмкүнчүлүгү адамдарды шыктандырышы шексиз дейт адис. Коронавирустун экинчи толкунунан шек саноо көпчүлүктүн батир сатып алуу каалоосуна тоскоол болуп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Серикжан Мергенбаевдин айтымында, чек аралардын ачылбашы курулуш материалдарынын кымбатташына алып келет.

«Биз курулуш материалдарын толугу менен сырттан албайбыз. Алардын көпчүлүгү өзүбүздөн өндүрүлөт. Бирок доллардын курсу өз таасирин тийгизет. Ар бир батирдин баасын көтөрбөө үчүн колдон келгендин бардыгын жасаганга аракет кылабыз. Президенттин тапшырмасы боюнча турак жайга муктаж адамдардын муктаждыктарын чечүү үчүн Турак жай аманат банкынын базасында «Отбасы» банкы түзүлөт», - дейт адис.

 

Фото: kn.kz