Казакстан-Америка ишкердик кеңеши түзүлдү

Казакстан-Америка ишкердик кеңеши түзүлдү

Расмий казак-америка ишкердик кеңеши өз ишин баштады. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ишкерлер кеңешинин негизги миссиясы - АКШнын Соода-өнөр жай палатасынын кеңейтилген платформасы аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүү.

Бүгүн эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы.

«Даталуу күндүн алдында уюм эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жигердүү катышууга кызыктар», - дейт АКШ Соода палатасынын  Вице-президенти Майрон Бриллиант.

Ал эми Евразия-Тынч океан аймагы боюнча энергетикалык компаниясынын президенти Найджел Хирндин айтымында, Казакстан-Америка ишкерлер кеңешинин АКШнын Соода-өнөр жай палатасынын курамына кирүүсү бизнес коомчулукту ушул маанилүү жана стратегиялык мамилелерди өнүктүрүү үчүн керектүү куралдар менен камсыз кылат.

Казакстандын АКШдагы элчиси Ержан Казыханов АКШнын Соода палатасында Ишкерлер кеңешинин ачылышын «эки өлкө үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзө турган тарыхый окуя» деп баалады.

«Борбордук Азиядагы алдыңкы экономика катарында Казакстан АКШнын ишенимдүү өнөктөшү бойдон кала берет жана америкалык компаниялар менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр. Жаңы бизнес борбор Казакстан менен АКШнын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын кеңейишине кыйла түрткү берет», - дейт Ержан Казыханов.

Бүгүнкү күндө Казакстан менен АКШнын ортосундагы товар жүгүртүү жылына болжол менен 2 миллиард АКШ долларын түзөт. Ошондой эле, айыл чарба, энергетика, тоо-кен жана инфраструктура сыяктуу тармактарда өз ара сооданын мындан аркы өсүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Учурда Казакстанда 700дөн ашуун америкалык компания иштейт.

 

Фото: egemen.kz