Серепчилер: Президенттин кайрылуусу - Казакстандын экономикалык өнүгүшүнүн жаңы багыты

Серепчилер: Президенттин кайрылуусу - Казакстандын экономикалык өнүгүшүнүн жаңы багыты

Президенттин кайрылуусу экономикалык ийгиликтин казакстандык формуласын чечүүгө багытталган. Мындай пикири менен Казакстан Стратегиялык Изилдөө Институтунун ага-илимий кызматкери Бекжан Садыков бөлүштү.

«Ушул маселелердин бири жеке секторду андан ары өнүктүрүү жана жалпы ишкердик климатты жакшыртуу болду. Көптөгөн өлкөлөр чектөө чараларынын кесепетинен эң көп жабыркаган жеке ишкерлерди колдоону күчөтүүгө өтүшүүдө. Бул жааттан алганда Казакстан да мындан четте калбайт. Бүгүнкү күндө эпидемияга байланыштуу экономиканын туруктуулугун сактоо, жарандардын жыргалчылыгына терс таасирин тийгизген кесепеттерди жоюу максатында чакан жана орто бизнести жандандыруу зарыл. Насыялардын пайыздык чендерин субсидиялоо, салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү жана бизнести колдоо боюнча башка чаралар эмгек рыногундагы туруктуулукту сактайт жана болушунча элдин каражатын үнөмдөйт. Бул айрыкча коронавирус мезгилинде өзгөчө маанилүү. Чакан жана орто бизнестин үлүшүн 2019-жылы 29,5 пайыздан 2020-жылы 35% чейин көбөйтүүгө басым жасоо жеке сектордун институционалдык мааниси жакын арада күчөй турганын, ошондой эле, рыноктук экономикалык мамилелерди андан ары калыптандыруу зарылдыгын билдирет», - деди Бекжан Садыков.

 

РКнын Президентинин алдындагы Казакстан Стратегиялык Изилдөө Институтунун ага-илимий кызматкери Слямжар Ахметжаровдун айтымында, азыркы учурдагы экономикалык курстун негизги элементтеринин бири адам капиталынын өсүшү болуу керек.

 

«Чындыгында эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү адам капиталын инвестициялоону мамлекеттин экономикалык гүлдөп-өнүгүшү менен байланыштырышат. Бул жаттан алганда, Казакстан ар дайым жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого өзгөчө көңүл буруп келет», - дейт серепчи.

Парламент Мажилисинин депутаты Азат Перуашев өлкөнүн чийки зат аймактарында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн деңгээли республикалык орточо көрсөткүчтөн 2,5 эсе төмөн деп эсептейт. Бул жергиликтүү ресурстар колдонулбай жаткандыгын көрсөтөт. Анын айтымында, коронавирус инфекциясынан улам токтоп калган субъектилерге арналган чараларды субсидиялоо бир катар көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Тактап айтканда, банктар кепилдиктин жоктугунан улам ишкерлерге насыяларды жаңы баа менен кайра каржылоодон баш тартышат. Эми мамлекет бул маселени колго алууга даяр.

«Чакан жана орто бизнестин ИДӨ үлүшүн 35% чейин көбөйтүү, анын ичинде орто бизнести колдоо аркылуу бир катар перспективалар өтө маанилүү. Ушул кезге чейин чакан жана орто бизнести колдоо жөнүндө сөз болуп жатканда, эреже катары бардык чаралар, анын ичинде мораторийлер микро жана чакан бизнеске карата колдонулуп келген. Ошол эле учурда, орто бизнес, алар чакан ишканалардын негизги бөлүгү болгонуна карабастан, ар дайым көңүл сыртында калып келген. Орто бизнести системалуу түрдө колдоо, анын ичинде аларды экспортко чыгарыла турган шартка чейин өстүрүү тууралуу көрсөтмө берилди», - деп атап өттү эл өкүлү.

Эске сала кетсек, аяк оона айынын биринде Касым-Жомарт Токаев Парламент палаталарынын биргелешкен жыйынында Казакстан элине жылдык Кайрылуусун жасаган.

 

Фото: astana.gov.kz