Ишканаларды колдоого 200 миллиард теңге бөлүндү

Ишканаларды колдоого 200 миллиард теңге бөлүндү

Бизнес-климатты мындан ары жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралар кабыл алынат. Алардын бири - ишкерлерге кошумча жардам көрсөтүү максатында чакан жана орто бизнеске берилген насыялардын пайыздык чендерин субсидиялоо жүзөгө ашырылат, ал эми жылдык пайыздык чен 6% чейин жеткирилет. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук экономика министри Руслан Даленов бүгүн өкмөттүн отурумунда билдирди. Анын айтымында, субсидиялоо өзгөчө кырдаал жарыяланган күндөн тартып 12 айлык мөөнөттү камтыйт. Бул иш-чара «Бизнестин жол картасы - 2025» мамлекеттик программасынын жаңы багытынын алкагында ишке ашырылууда.

«Ишкердик климатты мындан ары жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралар кабыл алынат. Бул тобокелдиктерди башкаруу тутумун автоматташтырууну, тиешелүү комиссия түзүү жана аларды азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу аркылуу бардык ченемдик талаптарды кайра карап чыгууну камтыйт. Ишкердик кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жөнгө салуу апелляциясы институтун киргизүү боюнча чаралар кабыл алынат», - деди Руслан Даленов.

Ошондой эле, министр каржылык жана финансылык эмес мамлекеттик колдоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу улантыларын билдирди. Жалпысынан бул 2025-жылга карата чакан жана орто бизнестин жалпы ички дүн өнүмдүн үлүшүн 35% чейин жана жумуш менен камсыз болгондордун санын 4 миллион адамга жеткирүү максатына жетүүгө жардам берет. Ошол эле учурда Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Ерболат Досаев Президенттин тапшырмасы боюнча каатчылыктан катуу жабыркаган тармактардагы ишканаларды колдоо үчүн кошумча 200 миллиард теңге бөлүнөөрүн айтты.

«Тармактардын тизмесин Өкмөт «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасы менен биргеликте аныктайт. Улуттук банктын жеңилдетилген насыя берүү программасы 800 миллиард теңгеге чейин көбөйтүлүп, 2021-жылдын аягына чейин узартылат», - деди ЕрболатДосаев.

Эске салсак, президент Касым-Жомарт Токаев элге болгон кайрылуусунда коронавирустун дүйнө жүзү боюнча жайылышы бизнеске терс таасир тийгизгенин баса белгиледи. Ошондуктан, Президент өзгөчө кырдаалдан жабыркаган чакан жана орто бизнеске жардам берүү боюнча кошумча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырды. Азыр бардык тиешелүү бөлүмдөр бул тапшырманы аткарууга киришти. Мисалы, Экономика министрлиги ишкерлер үчүн салыктар менен  жыйымдарды азайтуу маселесин карап жатат.

 

Фото: prodengi.kz