Кайрылууда коюлган милдеттер: мамлекеттик кызмат тутуму жана каатчылыктан кийинки экономикалык өнүгүү

Кайрылууда коюлган милдеттер: мамлекеттик кызмат тутуму жана каатчылыктан кийинки экономикалык өнүгүү

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Парламент палаталарынын биргелешкен отурумунда Казакстан элине кайрылуу жасады. Мамлекет башчысы өлкөнүн каатчылыктан кийинки мезгилдеги негизги өнүгүү максаттарына токтолду. Бул үчүн тез арада мамлекеттик башкаруу тутумун өзгөртүү керектигин айтты. Бийликке жаңы идеялары жана жигердүүлүгү менен жаштарды тартуу көздөлүүдө. Ошондой эле, кызматкерлердин иши эми баллдык система боюнча бааланат. Шалаакылык көрсөткөндөрү кызматтан кетет. Мамлекеттик жана квазимамлекеттик тармактагы кызматкерлердин саны быйыл 10 пайызга, кийинки жылы дагы 15 пайызга кыскартылышы керек, деди Президент.

«Ушундай жол менен 2021-жылы биз чиновниктердин санын 25 пайызга кыскарта алабыз. Санариптештирүүнү эске алып ушул багытта ишти улантуу чечимин кабыл алдык. Ал эми үнөмдөлгөн каражат эсебинен калган кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт», – деди Токаев.

Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, мындан ары министрликтерде жооптуу катчы деген болбойт. Казакстанда Стратегиялык өнүктүрүү жана пландаштыруу агенттиги түзүлөт. Статистика комитети эми аталган агенттиктин курамына кирет. Мындан тышкары, Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигин түзүүнү сунуштады.

«Ички иштер министрлигинин түзүмүн негизги функциялардан бошотуп, кайра карап чыгуу керек, бул маанилүү мекеменин ишинин натыйжалуулугун жогорулатат. Табигый жана техногендик кырсыктардын дооруна киргенибизди эске алып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кайрадан түзүү керек деп эсептейм», - деди Президент.

Кайрылуунун көпчүлүгү экономикалык маселелерге арналды. Өзгөчө кырдаалдан улам оор абалга кептелген ишкерлерге мамлекеттен кошумча жардам көрсөтүлөт. Мамлекет башчысы чакан жана орто ишкердикке учурдагы бардык насыялар боюнча 6% чейин мамлекеттик субсидияларды берүүнү тапшырды. Терс экономикалык кесепеттерди жоюу үчүн 700 миңден ашуун ишкерге салыктык жеңилдиктер берилди. Президент  субсидиялоо 12 айлык мөөнөттү камтый турганын жана өзгөчө кырдаал режими жарыяланган күндөн тартып, башкача айтканда, ушул жылдын жалган куран айынын 16-күнүндө баштала турганын билдирди.

«Улуттук банк чакан жана орто бизнес үчүн жүгүртүү каражаттарын толуктоо боюнча атайын программаны ишке ашырат. Буга чейин анын мөөнөтү ушул жылы аяктамак. Учурдагы каатчылыкты эске алып, аталган программаны 2021-жылдын аягына чейин созууну жана кеңейтүүнү тапшырам», - деди ал.

Аны менен катар, Касым-Жомарт Токаев өкмөткө айыл чарба багытындагы жерлерди толук кандуу экономикалык жүгүртүүнүн методикаларын иштеп чыгууну тапшырды. 2021-жылы Жер кодексинин айрым жоболоруна байланыштуу айыл чарба жерлерин пайдаланууга мораторий жокко чыгарылат. Бирок жер чет элдиктерге сатылбайт. Президент адистердин жетишсиздигине, ошондой эле, агрардык илимдин өнүгүшүнө көңүл бурду.

«Технологиялык жактан эскирген сугат тутумдары чоң тоскоолдук жаратып жатат. Суунун 40 пайызы талаага кеткен учурлар болот. Буга чейин суу тартыштыгы азабын тартып келген өлкөбүз буга жол бере албайт. Бул тармакты ченемдик жөнгө салууну камсыз кылып, заманбап технологиялар менен инновацияларды киргизүү үчүн экономикалык стимулдаштыруучу долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл», - деди Токаев.

Буга байланыштуу Президент субсидиялоо жана салык жеңилдиктерин берүү программаларынын алкагында айыл жерлериндеги кооперацияны жандандыруу үчүн тийиштүү чаралардын топтомун иштеп чыгууну тапшырды.

 

Фото: 24.kz


×