Экспорттун жаңы мүмкүнчүлүктөрү: «QAZTRADE ACCELERATOR» программасынын биринчи этабынын жыйынтыгы чыгарылды

Экспорттун жаңы мүмкүнчүлүктөрү: «QAZTRADE ACCELERATOR» программасынын биринчи этабынын жыйынтыгы чыгарылды

Казакстанда өндүрүлгөн өнүмдөр дүйнөлүк соода борборлорунун текчелеринде. Ата мекендик ишканалар ушул багытта иш алып барууда. Мындан тышкары, аларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Ошентип 97 ата мекендик компаниянын 35 РКнын Соода жана Интеграция министрлигинин «QAZTRADE ACCELERATOR» экспорттоону акселерация программасынын кийинки баскычына өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, ушул жылы акселерация программасынын алкагында кытайлык сатып алуучулар менен экспорттук келишимдерди түзүү үчүн тамак-аш өнөр жайына көңүл буруу чечими кабыл алынды.

«Аталган компаниялардын арасында экспорттук тармакка жаңы келгендер, 2 компания өз өнүмдөрүн чет өлкөлөргө сата элек, ошондой эле, буга чейин бир жолку жеткирүүлөрдү жасаган компаниялар да бар. Алардын максаты - узак убакыт бою тышкы базарларда болуу», - деди экспорттук акселерация программасынын алгачкы окутуу вебинарынын киришүү сөзүндө РКнын Соода жана интеграция министри Бакыт Султанов.

Министрдин айтымында, Кытай базарынын көлөмүнө карабастан ага кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген. Бул экспорттук процедуранын узактыгына, болжол менен 90 күнгө, ошондой эле, базардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Анын үстүнө чыгарылган товар канчалык чоң жана пайдалуу болсо дагы тиешелүү жарнамасыз жана таңгактоосуз  аны сатуу кыйынга турат. Акселератордун милдети - ишканаларды башынан эле өз өндүрүшүн тышкы рынокторго багыттоого үйрөтүү.

«Биздин өнүмдөр жогорку сапаттуу болгондуктан суроо-талапка ээ, бирок бир катар себептерден улам Кытай дүкөндөрүнүн текчелеринде биздин өнүмдөр жетиштүү деңгээлде көрсөтүлгөн эмес. Акселератордун милдети - Кытайдын базарында биздин ата мекендик өнүмдөрдүн узак мөөнөткө болушун камсыз кылуу болуп саналат», - деди «QazTrade» Соода саясатын өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрү Арман Абенов.

Күзүндө программанын экинчи этабынын алкагында ар бир катышуучу үчүн деталдуу профиль түзүлөт. Анда экспорттоочу компаниянын күчтүү жана алсыз жактары талданып, дараметтик деңгээли аныкталат. Мындан тышкары, катышуучу компаниянын профили тышкы базарларда казакстандык өнүмдөргө техникалык регламенттердин талаптары сыяктуу маалыматтарды камтыйт. Аны менен катар, катышуучу компанияларга рынокко кирүүнүн кийинки кадамдары боюнча сунуштар берилет.

Программанын акыркы этаптарынын бири болуп  тандалган 35 компаниянын Шанхайдагы III Дүйнөлүк импорттук CIIE-2020 көргөзмөсүнө катышуусу болот. Бүгүнкү күндө көргөзмө акыркы жылдарда  ишканалар ортосундагы мамилелерди жүргүзүү үчүн ири глобалдык аянтчага айланды.

Мындан тышкары, программага катышууга арыз берип, бирок талапка жооп бере албай калган компаниялар кийинки жылдары программанын катышуучуларынын резервин толукташат.

 

Фото: astanatimes.com