Казакстанда быйыл 18 миллион тонна буудай жыйноо мерчемделип жатат

Казакстанда быйыл 18 миллион тонна буудай жыйноо мерчемделип жатат

Быйыл өлкөдө түшүм жыйноо өз убагында башталды. Түшүмдүн көрсөткүчү былтыркыга караганда жогору. Бул тууралуу Өкмөт отурумунда айыл чарба министри Сапархан Омаров билдирди. Министрдин айтымында, ушул убакка чейин өлкөдө 3,3 миллион гектар дан жана чанактуу дан өсүмдүк жыйналып алынды. Былтыр бул көрсөткүч болжол менен 1,5 эсе төмөн болгон.

«Бул жай өткөн жылдагыдай кургак болду. Өзгөчө кырдаалга жана карантин режимине карабастан, айдоо-себүү өнөктүгү өз мезгилде жүргүзүлдү. Нымдуулукту сактоо, айдоо-себүү алдындагы топуракты тазалоо иштеринин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүлгөнүнө байланыштуу өнүмдүн  нымдуу болушун сактап калууга мүмкүн болду», - дейт Сапархан Омаров.

Аны менен катар, министр статистика боюнча быйыл түшүмдүн жалпы аянты 22,7 миллион гектар түзөрүн билдирди. Анын негизги үлүшү 16 миллион гектар аянттагы дан эгиндери жана чанактуу дан өсүмдүктөрү аянтына туура келет. Анын айтымында, мамлекеттин үрөн өндүрүшүн колдоо боюнча мамлекет кабыл алынган чаралары айыл чарбачылык дан эгиндеринин аба ырайынын жагымсыз шарттарына туруктуулугун арттырды.

«Өткөн жылга салыштырмалуу үрөн өстүрүү субсидиялары 49% өстү. Субсидия берүү механизми өркүндөтүлүп, ага ылайык талап кылынган чет өлкөлүк тандалган үрөндөрдү сатып алуу чыгымдары субсидияланат, ошондой эле, баштапкы үрөндөрдү сатып алууда элита үрөндөрүнүн өндүрүшүн андан ары көбөйтүүгө колдоо көрсөтүлөт», - деп кошумчалады министр.

Жалпысынан көрүлүп жаткан бардык чаралардан улам быйыл дан эгиндеринин болжолдуу жалпы түшүмү 18 миллион тонна деңгээлинде мерчемделүүдө. Сапархан Омаров Казакстан өзүн дан менен толук камсыз кыла алат деп белгиледи.

 

Фото: didarbek.kz


×