Өкмөт Казакстандын социалдык-экономикалык өнүгүү болжолун жарыялады

Өкмөт Казакстандын социалдык-экономикалык өнүгүү болжолун жарыялады

Казакстан экономикасынын өнүгүүсүнө эл аралык рейтинг агенттиктери оң баа беришти. Moody's жана FitchRatings рейтинг агенттиктери Казакстандын рейтингин инвестициялык ишенимдүүлүк деңгээлинде тастыкташты. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн отурумунда Казакстандын Улуттук экономика министри Руслан Даленов билдирди.

«Үстүбүздөгү жылдын баш оона айынын 21-күнүндө FitchRatings туруктуу болжолун BBB деңгээлинде рейтингин жаңылады. FitchRatings билдиргендей, Казакстандын рейтинги экономиканын фискалдык туруктуулугун, экономиканы колдоо боюнча натыйжалуу чараларды жана акча-насыя саясатын ийгиликтүү жүргүзүүнү көрсөтөт», - деди Руслан Дәленов.

Мекеме башчысынын айтымында, тышкы жана ички шарттарды эске алуу менен жакынкы 5 жылга Казакстандын экономикасын өнүктүрүүнүн 3 мүмкүн болгон сценарийи иштелип чыкты. Бул базалык, оптимисттик жана пессимисттик сценарий.

«Базалык сценарий боюнча ИДӨнүн орточо жылдык өсүшү 4,0%, оптимисттик - 4,5%, пессимисттик - 3,0% түзөт. Консервативдик мамилени эске алуу менен бюджетти пландаштыруу үчүн базалык сценарийди колдонуу сунушталат», - деди мекеме башчысы.

Базалык сценарийде жалпы ички өнүмдүн реалдуу өсүшү 2021-жылы 2,8% деңгээлинде болжолдонууда. 2025-жылы ал 4,6% жетет.

Сөзүнүн аягында министр социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдоолору макроэкономикалык туруктуулукту, өндүрүмдүү иш менен камсыз кылууну, ошондой эле, улуттук экономиканы туруктуу жана сапаттуу өнүктүрүүгө багытталгандыгын белгиледи.

 

Фото: inform.kz


×