Казакстанда өзгөрүүлөр менеджерлеринин командалары ишке киришти

Казакстанда өзгөрүүлөр менеджерлеринин командалары ишке киришти

300 жакын адис - менторлор менен өзгөрүүлөр менеджерлеринин командалары мамлекеттик саясаттын 11 тармагында: билим берүүдө, геологиялык чалгындоодо, соода жана логистикада, өнөр жайда, анын ичинде жаңы индустрияда, курулушта аймактык өнүгүүдө, саламаттык сактоодо, медиа тармагында, айыл чарбачылыгында, туризм менен суу ресурстары тармагында 37 конкреттүү милдетти чечүү үчүн керектүү жаңы методдор менен идеяларды тааныштырды.

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Маминдин төрагалыгы астында өткөн кеңеште лидерлер мамлекеттик органдар менен мекемелердин жумушун кандай өзгөртүүгө боло турганын айтып берди. Эске сала кетсек, программа Эл Башынын «Өлкө үмүтү» демилгеси алкагында ишке ашырылып жатат. Анын максаты  –  «100 конкреттүү кадам» улуттук планын сапаттуу аткаруу.

Бул жерде улуттук экономиканын өзүн-өзү камсыз кылууну арттыруу, Казакстандын аймактык азык-түлүк хабы катары калыптандыруу, сапаттуу инвестицияларды тартуу үчүн жаңы методдорду иштеп чыгуу, күчтүү ишкердик классын өүзүү сыяктуу маселелерге басымдуулук берилет.  Ошондой эле, казакстандык экспортту жигердүү өнүктүрүү, ыкчамдатылган санарипти камсыз кылуу, билим берүү менен алдыңкы илимди өнүктүрүү,  саламаттык сактоо системасын бекемдөө жана инфраструктураны мындан ары комплекстүү өнүктүрүү жаатында негизги багыттар боюнча иш күчөтүлмөкчү.

«Билим берүү менен адам өнүгүшүнө инвестицияларды тартуу - туруктуу жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүштүн негизги фактору. Ар бир кирешелүү идеянын, тажрыйбанын, реформанын артында адам капиталы турат. Сиздердин ар бириңиздердин мүмкүнчүлүгүңүздөр, кесипкөй билимиңиздер, эң башкысы Казакстандын гүлдөп-өнүгүшүнө жеке салым кошууга деген каалооңуздар бар», - деди Аскар Мамин.

Премьер-министр Өкмөт мүчөлөрүнө өздөрүнүн тармактык командалары менен туруктуу жумуш жолугушууларын өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурууну жана алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууга керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды. Алар сунуштарды аныктап, аларды киргизүүнүн конкреттүү пландарын иштеп чыгуу керек.  

Эске салсак, өзгөрүүлөрдү башкаруу жөнүндөгү тармактык менеджерлерди даярдоо программасы – Нурсултан Назарбаев фондунун демилгеси. Сынактын жыйынтыгы боюнча 2 миң 958 талапкердин ичинен чоң практикалык иш тажрыйбасы бар, анын ичинде жетекчи улуттук жана чет элдик уюмдарда эмгектенген 230 серепчи иргелип алынды. Программага менторлор катары Казакстандын, АКШнын жана Европа өлкөлөрүнүн мамлекеттик жеке секторлорунан 50 ашык адис катышат.

 

Фото: primeminister.kz


×