Бакыт Султанов: Экономикалык интеграциялык бирикме өлкөлөрүнүн ортосундагы соода – өнүгүүнүн маанилүү фактору

Бакыт Султанов: Экономикалык интеграциялык бирикме өлкөлөрүнүн ортосундагы соода – өнүгүүнүн маанилүү фактору

Казакстан чет өлкөлөрдө, анын ичинде Европа жана АКШда талап кылынган атаандаштыкка жөндөмдүү өнүмдөрдү өндүрүүнү жолго коюу керек. Бул демилге тар чөйрөдө адистештирилген товарларды өндүрүү үчүн абдан натыйжалуу болот. Бул тууралуу соода жана интеграция министри Бакыт Султанов калк менен отчёттук жолугушуу учурунда билдирди. Министр бул авиация өнөр жайына керектүү бөлүктөр, тепловоздор же эки тараптуу максаттагы өнүмдөр сыяктуу товарлар экенин атап өттү.

Ошондой эле, Бакыт Султанов чек ара соодасын жигердүү өнүктүрүү, коңшу мамлекеттер менен кызматташууну күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Министр белгилегендей, Экономикалык интеграциялык бирикме өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-сатык мүчө мамлекеттердин өнүгүүсүн колдоонун негизги фактору болуп саналат. Анын айтымында, ЕАЭдин негизги максаты соода чөйрөсүн максималдуу регионалдаштыруу болушу керек.

 «Көптөгөн интеграциялык бирикмелер соодада жигердүүлүгүн көрсөтүүдө. Ал эми ЕАЭБде ички соода көрсөткүчү өтө төмөн. Тактап айтканда, Европа Биримдигиндеги Европа өлкөлөрүнүн соода көлөмү 63%, НАФТА - 47%. Ееразиялык биримдикте бул көрсөткүч 14% ашык эмес. Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган эпидемиянын айынан бул көрсөткүч 11 пайызга чейин төмөндөдү. Соода-экономикалык интеграцияны андан ары тереңдетүү үчүн иштешибиз керек», - деди Бакыт Султанов.

Мындан тышкары, министр биринчи жарым жылдыкта дүйнөлүк сооданын жалпы басаңдашы шартында Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү 7,4% төмөндөгөнүн белгиледи.

«2020-жылдын үчтүн айы-кулжа айларында тышкы соода жүгүртүү 42,5 миллиард долларды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 3,4 миллиард долларга же 7,4% аз. 2020-жылдын биринчи жарымында экспорт 2019-жылга салыштырмалуу 9,1% төмөндөп 26 миллиард долларды түздү, импорт 4,6% төмөндөп 16,5 миллиард доллар болду. 2019-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 17,3 миллиард долларды түзгөн эле», - деп жыйынтыктады РКнын Соода жана интеграция министри.

 

Фото: zhasalash.kz