АІХте алгачкы «жашыл» облигациялар листинги өттү

АІХте алгачкы «жашыл» облигациялар листинги өттү

АЭКБнын Astana International Exchange биржасында «Даму» ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду АК 200 миллион теңгенин «жашыл» купондук облигацияларын чыгарды. Баалуу кагаздардын айлануу мөөнөтү 36 ай. Купондук ченем 11,75% түзөт.

«Бул жайгаштыруу биржанын жашыл принциптерине ылайык баалуу кагаздардын биринчи листинги жана жалпы алганда Казакстандагы алгачкы  жашыл облигациялар листинги болот», - деп кабарлайт АЭКБнын басма сөз кызматы.

Өлкөдөгү биринчи жашыл облигациялар Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен макулдашылып, кайра жанма энергия булактарына инвестициялоо тобокелчиликтерин азайтуу максатында чыгарылды. АЭКБ  «Жашыл каржы» Борбору долбоорду ишке ашырууга толугу менен колдоо көрсөттү. Жогорудагы келишимге ылайык, Өнүгүү Фондунун купон баасынын бир бөлүгү, анын ичинде 12% БУУнун ӨФ тарабынан субсидияланат. Мындан тышкары, БУУнун ӨФ инвестициялык долбоорлорду тандоодо техникалык жардам көрсөтөт.

«Жашыл облигациялардын биринчи эмитентин кубаныч менен кабыл алабыз. Биздин жашыл принциптерге ылайык Өнүгүү Фондунун баалуу кагаздарынын листинги жашыл экономиканы өнүктүрүүгө каражат топтогон башка уюмдар үчүн үлгү болот деп ишенебиз», - деп атап өттү  АІХ башкармасынын төрагасы Тим Беннетт.

АІХтин жашыл облигациялар листинги Өнүгүү Фонду үчүн жашыл каржылоо жана микро, чакан жана орто бизнести колдоодо стратегиясын жүзөгө ашыруудагы  маанилүү кадам болду.

«Бул чыгарылыш жаңыртылган энергия булактары менен энергиянын натыйжалуулугу жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө жана каржылоого түрткү берет деп үмүттөнөбүз. Жашыл каржылоого суроо-талап көбөйгөн учурда, Өнүгүү фонду мындай долбоорлорду инвестициялоо үчүн кошумча жашыл облигацияларды чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр», - деди «Өнүгүү» фонду башкармасынын башчысы Гаухар Бөрибаева.

 

Фото: kapital.kz