Ишкерлер ишин жандандырууда: www.infokazakhstan.kz порталына 17 миңден ашык арыз түштү

Ишкерлер ишин жандандырууда: www.infokazakhstan.kz порталына 17 миңден ашык арыз түштү

Бизнес www.infokazakhstan.kz порталына чабуул жасоодо. Карантиндик тыныгуудан кийин казакстандык ишкерлер кайрадан ишин баштоо үчүн аталган сайтка катталып жатат. Кызматты активдештирүүгө уруксат берген документ ушул портал аркылуу алынат. Чакан жана орто ишканалар сайтка кирип санитардык талаптарга жооп берген сертификатын алышы керек. Бир сутка ичинде 17 миңден ашык арыз келип түшкөн.

«Ишканалардын санитардык коопсуздук талаптары үчүн жоопкерчиликти алышы өтө маанилүү. Анткени бул талаптар  Ишкерлер палатасынын негизинде кенири талкуудан өтүп, кабыл алынды. Белгилей кетүүчү нерсе, бизнестин жоопкерчилигинин жогорулашын эске алуу менен биз ишкердик кызмат түрлөрүнүн 90% чейин кабарлоо берүүгө макулдук бердик. Бул учурда бизнес санитардык талаптардын так сакталышына кепилдик берет», - деди РКнын Саламаттык сактоо министри Алексей Цой.

Текшерүүнүн жоктугу жоопкерчиликтен бошотпойт. Түз текшерүүчү келбегени менен коомдук көзөмөлдүн жоктугуна карабастан, каалаган адам укук бузуу жөнүндө маалыматты көзөмөл органдарына жөнөтө алат. Эгер даттануулар болсо, мониторинг топтору текшерүү үчүн келишет. Казакстанда коомдук көзөмөл бар экендигин унутпоо зарыл. Талаптардын бузулгандыгы жөнүндө СЭСке билдирүүнү www.infokazakhstan.kz порталы аркылуу жиберүүгө болот.

 

Фото: inbusiness.kz