«Бизнестин жол картасы» 16 миңден ашык ишкерлик долбоорду колдоду

«Бизнестин жол картасы» 16 миңден ашык ишкерлик долбоорду колдоду

«Бизнестин жол картасы» мамлекеттик программасын жүзөгө ашыруу алкагында «Байтерек» улуттук холдинги 16 миңден ашык чакан жана орто бизнестин ишкерлик долбоорлорун колдоду. Ата мекендик ишкерлерге жардам «Даму» ишкерликти өнүктүрүү фонду аркылуу көрсөтүлдү. Бул тууралуу БККде өткөн брифингде «Байтерек» улуттук башкаруучу холдинг» АК башкармалыгынын төрага орун басары Рустам Карагойшин билдирди.

«Чакан жана орто бизнести колдоонун эң көп талап кылынган инструменти сыйлык ченин субсидиялоо болуп саналат. 2020-жылдын «Даму» фонду 2010-жылдан тартып, баш оонанын 1-күнүнө карата 2,8 триллион теңге суммасына 16 миң 311 долбоорду субсидиялады. Анын ичинде, 2018-жылы 1432 долбоорго жалпы 173 миллиард теңге насыя берилди, ал эми 2019-жылы 2402 долбоор 154 миллиард теңгеге каржыланды. Башкача айтканда, салыштыруу менен биз колдоо көлөмүн күчөтүп жатканыбызды белгилегим келет», - деди Рустам Карагойшин.

Ал мамлекеттик колдоо менен борбордо радиотерапия жана өзөктүк медицина дарылоо-дарт аныктоо ооруканалык комплекси курулганын баса белгидеди.

«Бул Казакстан менен Борбордук Азиядагы өзгөчө комплекс. Мында онкологиялык ооруларды «TomoTherapy HD» жабдууларын колдонуу менен томотерапиянын заманбап усулу боюнча дарылайт. Ал усул аркылуу атүгүл азыркыга чейин радио нурлануу жабдуусу же операция менен жоюу татаал болгон рак оорунун бардык түрлөрүн дарылоодо чоң ийгиликтерге жетишүүгө болот», - деп билдирди Рустам Карагойшин.

Анын айтымында, көбүрөөк деңгээлде кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт жана товарларды кампага топтоп сактоо, дүң жана чекене соода, айыл чарбасы боюнча долбоорлор колдоого алынган.

 

Фото: newsroom.kz​