Казакстанда кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшү байкалды

Казакстанда кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшү байкалды

Быйылкы жылдын 7 ай ичиндеги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу өкмөт башчы Аскар Мамин төрагалык кылган Өкмөт жыйынында улуттук экономика министри Руслан Даленов баяндама жасады. Анын айтымында, 3,8 % оң өсүш динамикасын кайра иштетүү өнөр жайы көрсөттү. Атап айтканда, олуттуу өнүгүү ыргагы фармацевтика, даяр металл өнүмдөрүн өндүрүү, машина жасоо, анын ичинде, автоунаа жасоо жана жеңил өнөр жайында байкалды.

«Аймактар боюнча алганда Костанай облусунда 18,9%, Түркестанда 15,8%, Түндүк Казакстан облусунда 8,8% жогорку өсүш белгиленди. Төмөндө 4 аймакта байкалды. Бул Актөбе облусунда - 4,4%, Павлодар облусунда - 0,8%, Батыш Казакстан облусунда - 0,1% жана Шымкент ш. – 1,1% түздү», - деп белгиледи министр.

Руслана Даленовдун сөзү боюнча, кайра иштетүү өнөр жайынан тышкары отчёттук мезгилде айыл чарбасында 2,5% жана курулушта 6,3% өсүш ыргагы катталган.

 «Курулуш жумуштарынын жогорку өсүшү Шымкентте жана Түркестан облусунда белгиленген. Мында 7 миллион чарчы метр турак жай аянты пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 7,5% көбүрөөк».

Министр ошондой эле карантиндик чектөөлөр мунай өндүрүү ыргагынын төмөндөшүнө жана тоо кен өндүрүш тармагындагы сервистик кызматтардын көлөмүнүн кыскарышына таасирин тийгизгенин белгиледи. Анын айтымында, тоо кен өндүрүш тармагынын өнүгүү ыргагынын төмөндөшү 0,4% түздү.

«Тоо кен тармагынын башка маанилүү тармактары болгон көмүр казууда – 2,6%, металл кендерин өндүрүүдө – 2,3%, жаратылыш газын өндүрүп алууда – 0,9% оң динимикалуу өсүш сакталууда», - деп Даленов кошумчалады. 

Сөзүнүн соңунда Даленов борбордук жана жергиликтүү аткаруучу органдарга үстүбүздөгү жылга карата экономикалык өсүштү калыбына келтирүү боюнча комплекстүү планды жүзөгө ашырууга, ошондой эле, аймактык антикризистик штабдардын ишин жандантууга көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.

 

Фото: baigenews.kz