Автоунаа жүк ташуусу 80 миллиард теңгеден ашык киреше алып келди

Автоунаа жүк ташуусу 80 миллиард теңгеден ашык киреше алып келди

Казакстанда 2020-жылдын алты айында автоунаа менен 1,4 миллиард тонна жүк ташылды. РК Индустрия жана инфратүзүмдүк өнүктүрүү министрлиги билдирген боюнча, кирише 80,3 млрд теңгени түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 7% көп. Ошентип тармакка коронавирустун жайылышы, карантин чаралары дагы таасир эткен жок, тагыраак айтканда, иштин жүрүшү, жүк ташуулардын географиясынын төмөндөшү болгон жок.

«6 ай ичинде автоунаа менен 1,4 млрд тонна жүк ташылды, бул өткөн жылдагы 1,57 млрд тоннага салыштырмалуу 10% аз. Алты ай ичинде автоунаа транспортунун жүк ташуу жүгүртүүсү 69,5 тонна болду, бул көлөм өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 80,5 млрд тонна жүккө салыштырганда 14% аз», - деп айтылат РК Индустрия жана инфратүзүмдүк өнүктүрүү министрлигинин билдирүүсүндө.

Бүгүн тармакты мамлекет колдоого алууда. Жүк жана автомобилдик транспорт ишмердүүлүгү салыктардан жана эмгек акы фондусунун милдеттүү төлөмдөрүнөн бошотулган. Мындан тышкары, 2020-жылга чейинки экономикалык өсүштү калыбына келтирүү алкагында эл аралык автоунаа менен жүк ташуу операторлору утилизация жана чиркеме көлүктөрдү алгачкы каттоо жыйымдарынан бошотулган.

Темир жол ташуулары дагы өсүштү көрсөтүүдө. Айрыкча сандык көрсөткүчтөн өсүп, бул транспорт түрү менен 196,6 млн тонн жүк ташылды. Мындай көлөм өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3% көп. Жүк ташуулар бардык мезгилде штаттык режимде жүзөгө ашырылганын министрликтен билдиришти.

Көмүр ташуулар жөнүндө айтсак, теке айынан жыл соңуна чейин 50 804 миң тонна көмүр ташуу пландалууда, анда облус аралык – 37 620 миң тонна көмүр тартылат жана экспортко – 17 184 миң тонна жөнөтүлөт. Учурда Казакстанда 58 миңден ашык жарым вагондор иштеп жатат, алардын теңинен көбү көмүр ташууга бөлүнгөн.

 

Фото: total.kz