Казакстан ОПЕК+ макулдашуусунун шарттарын аткарууда

Казакстан ОПЕК+ макулдашуусунун шарттарын аткарууда

Алдын ала маалыматтар боюнча, Казакстанда теке айында орточо суткалык мунай өндүрүү көлөмү 1,313 миллион баррелди, же ОПЕК+ макулдашуусунун алкагындагы милдеттенмелердин 101% түзгөнүн Казакстандын Энергетика министрлиги кабарлады.

Белгилей кетсек, чын куран айында Казакстан ОПЕК+ келишиминин мүчө- катышуучулары арасындагы Макулдашуунун алкагында жаңы милдеттенмелерге кошулган, анда акыркы 3 ай аралыгында мунай өндүрүүнү суткасына 9,7 миллион баррелге жамааттык кыскартуу каралган болчу. 

Казакстан өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн бардык зарыл иш-аракеттерди көрө турганын Энергетика министрлигинен белгилешти.

«ОПЕК+ Макулдашуусуна катышуу сурам менен талаптын тең салмагын, мунайга болгон бааны калыбына келтирүүгө багытталган. Мунайдын сактоо жайларында топтолуу тобокелчилигинен качуу үчүн Энергетика министрлиги орто, ири жана өтө чоң көлөмдүү кендерден өндүрүүнү чектөө чечимин кабыл алган. Мунай өндүрүүнү ылдыйлатуу боюнча милдеттенмелерди бардык кендерге калыс бөлүштүрүү каралган, - деп айтылат билдирүүдө.

Макулдашуунун арты менен рыноктун бардык катышуучулары мунай өндүрүүнү көзөмөлдөө жана акырындык менен төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мекемеден кошумчалагандай, бул жалпы дүйнөдөгү мунай өндүрүү тармагына оң таасирин тийгизди.

 

Фото: 24.kz