Казакстанда бизнести колдоо боюнча кошумча чаралар кабыл алынат

Казакстанда бизнести колдоо боюнча кошумча чаралар кабыл алынат

Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин төрагалыгы астында өткөн мамлекеттик комиссиянын отурумунда Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин карантин чараларын кеңейтүү жана карантинден кийинки мезгилге даярдык көрүү боюнча тапшырмаларын аткаруу маселелери каралды.

Премьер-министр жакынкы эки жумада экономиканын токтоп калган тармактарын калыбына келтирүү үчүн системалуу даярдык көрүүнү тапшырды.

Улуттук экономика министрлигине тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте «Атамекен» УККсы тарабынан ишкерлерди колдоо боюнча чараларды иштеп чыгуу милдеттендирилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, эң көп жабыр тарткан райондордун ЧОБ субъекттерине мамлекеттик колдоо чарасы катары насыя боюнча төлөмдөрдү ушул жылдын тогуздун айынын бирине чейин кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгү сунушталат.

Мындан тышкары, Премьер-министр ишкердик субъекттеринин иш-аракеттерине санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекитүүнү, ошондой эле, жарандар менен ишкерлердин санитардык эрежелерди сактоосун көзөмөлдөөнү тапшырды.

Белгилей кетсек, ишканага тыюу салуунун алгоритмине ишкерлерди каттоо жана «Info Kazakhstan» электрондук платформасында ишти жандандырууга арыздарды кабыл алуу кирет. Акиматтын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкерлеринен турган Комиссия тарабынан текшерүүдөн өткөндөн кийин Аймактык Ишкерлер палатасы жана коомчулуктун мүчөлөрү, ишкердик субъекттерине ишин кайра жандандырууга электрондук уруксаттар берилет.

Ошондой эле, Өкмөт башчысы Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигине коронавирустук инфекцияны алдын алуу жана маалымдуулукту жогорулатуу үчүн мобилдик тиркемелерди киргизүүнү тапшырды.

 

Фото: primeminister.kz