Өкмөт онлайн соодадагы ишкерлерди бир катар салык түрлөрүнөн бошотууну сунуштады

Өкмөт онлайн соодадагы ишкерлерди бир катар салык түрлөрүнөн бошотууну сунуштады

Казакстанда электрондук сооданын чекене айлануусундагы көлөмү менен үлүшү бир жарым эсеге өстү. Бул тууралуу РКнын Премьер-министри Аскар Мамин Өкмөт отурумунда билдирди.

«Азыркы учурда, айрыкча пандемия убагында дүйнөлүк тренддерге ылайык Казакстанда электрондук соода жигердүү өнүгүп келет», - дейт Премьер-министр.

Анын айтымында, бул тармак чоң рыноктук дараметке ээ жана экономиканын чектеш тармактарына - логистика, контейнер ташуу, курьер, санарип кызматтары, эмгек рыногу сыяктуу мультипликативдик таасирге ээ.

«Алдыда электрондук соода жол-жоболорун жеңилдеткен, каржылоого жол ачкан, онлайн бүтүмдөрүнө жана кибер кылмышка каршы ишенимди бекемдеген натыйжалуу чараларды түзүү милдети турат», - деп белгиледи Аскар Мамин.

Премьер-министр тармакты андан ары өнүктүрүү жана ишкерлерди шыктандыруу максатында онлайн соодасы менен алектенген ишкерлерди бир катар салыктардан бошотууну сунуштады. Ошол эле учурда, ал корпоративдик кирешеге салыкты жана жеке ишкерлер үчүн киреше салыгын төлөөдөн бошотууну, электрондук соодадан түшкөн киреше жылдык кирешенин 40% түзгөн шартта колдоону суранды.

«Накталай эмес эсептешүүлөрдүн колдонулушун стимулдаштыруу үчүн Улуттук банк менен биргелешип банктар аралык которуу комиссиясын кыскартуу, эквайринг боюнча маселелерди бышыктоо, ошондой эле, жаңы банктык эмес төлөм системаларын иштеп чыгуу зарыл», — деди министр.

 

Фото: kp.kz