COVID-19 менен күрөшүүгө карабастан, азык-түлүк менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жок

COVID-19 менен күрөшүүгө карабастан, азык-түлүк менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жок

Дүйнөдө COVID-19 илдетинин жайылышына байланыштуу азык-түлүк тармагын колдоо үчүн кызматташууну мындан ары күчөтүү керек. Ушул максатта бүгүн Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму жана Ислам соода-өнөр жай палатасы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер мерчемине кол коюшту.

Кол коюу аземи ИКУ өлкөлөрүндө кошумча наркы бар азык-түлүк товарларынын бирдиктүү рыногун түзүү эл аралык видео-конференциянын жыйынтыгы негизинде өттү.

Өз кезегинде Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун (ИКУнун алдындагы IOFS) башкы мүдүрү Ерлан Байдаулет ислам өлкөлөрүнүн айыл чарба министрликтери менен бизнестин ортосунда өз ара кызматташуу зарылдыгын белгиледи.

«Биз АКИУ/ИКУ өлкөлөрүндө кошумча нарктын бирдиктүү рыногун түзүү жолу менен азык-түлүк тармагын өнүктүрүшүбүз керек. Бул өлкөлөрдүн бизнес түзүмдөрүнүн ортосундагы сооданы кеңейтүү, исламдык каржылоону тартуу, экспортту жана импортту көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл. Ислам өлкөлөрүнө азык-түлүк жеткирүүнү көбөйтүү үчүн айыл чарба өндүрүшүн жандандырып, кайра иштетүүнү жөнгө салуу, ошондой эле, ислам өлкөлөрүнө азык-түлүк жеткирүүлөрүн көбөйтүү үчүн адал жана табигый азыктарды өндүрүү, кайра иштетүү жана сертификациялоо тутумун түзүү кажет», - дейт ал.

Мындан сырткары, Ерлан Байдаулет АКИУ Казакстандын Эл аралык тамак-аш өнөр жай ассоциациясын (IFPA) түзүү демилгесин колдоп жаткандыгын белгиледи, аны Казакстан Республикасынын айыл чарба министри Сапархан Омаров АКИУ Башкы ассамблеясынын 2019-жылдын баш оона айында Сауд Аравиясынын Жидда шаарында өткөн 2-сессиясында сунуштаган. Анда IFPA түзүү чечими кабыл алынган.

«Ислам азык-түлүк коопсуздугу уюму (IFPA) негизги милдеттерин ишке ашыруу үчүн Ислам соода, өнөр жай жана айыл чарба палатасын (ИКУнун алдындагы ICCIA) стратегиялык шериктештикке жеке жана мамлекеттик тармактар менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүүгө чакырды», - деп толуктады Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ислам уюмунун башкы мүдүрү.

Белгилей кетсек, IFPAдин негизги милдети өз ара сооданы кеңейтүү, исламдык каржылоону тартуу, маалымат алмашуу, өз ара пайдалуу байланыштарды түзүү жана мамлекеттер аралык деңгээлде мыйзамдык жана жөнгө салуучу маселелерди чечүү жолу менен IOFS/ИКУ өлкөлөрүнүн тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Иш-чарага 50дөн ашык адам, анын ичинде Казакстан Республикасынын Айыл чарба министри Сапархан Омаров менен Ислам Соода-Өнөр жай Палатасынын (ICCIA) Башкы катчысы Юсуф Хасан Халави да катышты. Бардык катышуучулар сунушталган демилгелерди колдошту.

 

Фото: 24.kz