«Томирис» тасмасынын америкалык трейлери жарыяланды

«Томирис» тасмасынын америкалык трейлери жарыяланды

«Томирис» тасмасынын АКШ аймагындагы таркатуу укугун сатып алган компания тарыхый чыгарманын америкалык трейлерин жарыкка чыгарды.

Буга чейин тарыхый картинаны Variety, Hollywood Reporter жана Screen Daily сыяктуу басылмалар жарыша чагылдырган. Чет элдик сынчылар экшн көрүнүштөргө, сюжеттик желенин түп нускалыгы менен каармандардын реализмине жана ролдоруна таасирленип, англис тилдүү көрүүчүлөргө фильмди көрүүгө кеңеш берген.

«Томирис» тасмасын Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин атынан Казакфильм киностудиясында режиссёр Акан Сатаев тарткан. Тарыхый фильм ханайым Томирис башында турган Массагеттер менен болгон согушта Перстин падышасы Кирдин жеңилиши жөнүндө Геродот жазмаларынын негизинде тартылган. Башкы ролдорго Еркебулан Даиров, Азамат Сатыбалды, Берик Айтжанов, Альмира Турсын, Адиль Ахметов, Хасан Масуд жана башка актёрлор тартылышкан.

Трейлердин америкалык нускасын ошол шилтеме аркылуу көрө аласыз.

 

Фото: liter.kz