«Жумуш менен камсыз кылуу жол картасы» алкагында 7 миңден ашык долбоор камтылат

«Жумуш менен камсыз кылуу жол картасы» алкагында 7 миңден ашык долбоор камтылат

Инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашырууда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кеминде 90% товарлар менен кызматтарын пайдаланууну камсыз кылууга тийиш.

Кызматкерлердин кеминде жарымы элди жумуш менен камсыз кылуу борборлору аркылуу жалданып, иш издеп жүргөн жаштарга басым жасоо. Подрядчиктер санитардык-эпидемиологиялык чараларды так колдонуу менен коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга тийиш. Бул Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен жакында жаңыланган «Жумуш менен камсыз кылуунун жол картасы» программасынын негизги талаптары.

Бул программаны ишке ашыруу үчүн 1 триллион теңге каралган. Ал 7000ден ашуун долбоорду камтыйт. Алардын 300дөн ашыгы жаңы туруктуу жумушчу орундарын түзүүгө багытталган долбоорлор. Бүгүнкү күнгө чейин аймактардагы 6295 долбоор боюнча иштер башталды. 148 миңден ашык жумушчу оруну түзүлүп, 77 миңи иш менен камсыз кылуу борборлору аркылуу ишке ашат. Жалпысынан программа боюнча 255 миң жумушчу орунун түзүү мерчемделүүдө. Аны ишке ашырууга жооптуу уюмдардын ишин координациялоо үчүн жумушка орноштуруу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү.

Ал эми ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында «Эмгек» мамлекеттик программасы боюнча иштеген 217 миңден ашык адамдын жарымы туруктуу киреше булагына ээ болду. Эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүн жогорулатуу максатында жумушчу күчү артык түштүк региондорунан 3019 адам, башкача айтканда, 853 үй-бүлө конуш которгон.

2020-жылдын теке айынын бирине карата кыска мөөнөттүү окуу курстарына 7,2 миң адам жиберилген, алардын ичинен 342 адам бүтүрүп, 148 адам жумушка орношкон. Жалпысынан жылдын аягына чейин 18,8 миң адамды иш менен камтуу мерчемделүүдө. Мындан тышкары, 30 миң адам «Бизнес баштоо»  долбоорунун алкагында ишкердиктин негиздери боюнча окутулат.

Жыл башынан бери массалык ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында 17,6 миллиард теңге суммасында 3,331 кичи насыя берилди. Мунун көпчүлүгү айыл жеринде жаңы жумушчу орундарын түзгөн ишкерлерге таандык. Мындан тышкары, программанын катышуучулары жаңы бизнес-идеяларды ишке ашыруу үчүн 200 АЭК өлчөмүндө 24 миңден ашык мамлекеттик грант алышат. Бүгүнкү күнгө чейин 10,8 миң грант бөлүнүп берилди.

 

Фото: qamshy.kz