Дүйнөлүк банк: COVID-19 Казакстан экономикасына 20 жылдагы эн чоң зыян тийгизди

Дүйнөлүк банк: COVID-19 Казакстан экономикасына 20 жылдагы эн чоң зыян тийгизди

COVID-19 акыркы 20 жылдын ичинде Казакстандын экономикасына эң чоң зыян келтирди. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн «Каатчылыкты жоюу» баяндамасында айтылды. Документте: «2020-жылы Борбордук Азия мамлекетинин экономикасы 90-жылдардын аягынан баштап, биринчи жолу 3% кыскарышы мүмкүн, ал эми 2021-жылы 2,5% акырындык менен калыбына келет», - деп айтылат.

2020-жылдын биринчи чейрегинде ИДӨнүн 2,3% өсүшүнө карабастан, кийинки айларда экономикалык жигердүүлүк бир кыйла басаңдаган. Бул товарлардын баасынын түшүшүнө, сооданын төмөндөшүнө жана COVID-19дун жайылышына жол бербөө чараларына түздөн-түз байланыштуу.

«Керектөөчүлүк суроо-талап 1,2% гана жогорулаган. Буга коронавирус пандемиясынан жана карантин киргизүүдөн улам керектөөчүлөрдүн ишениминин төмөндөшү себеп болгон. Инвестициялардын өсүшү басаңдады, бирок мунай-газ тармагына жана турак жай курулушуна салына турган түз чет элдик инвестициялар колдоо тапты», - деп айтылат баяндамада.

Аны менен катар, Дүйнөлүк банктын баяндамасына ылайык, «Жеткирүүлөрдүн токтоп калуусу жана валюталардын девальвациясынан улам, Казакстанда инфляция Улуттук банктын максаттуу чегинен ашып кетти».

Дүйнөлүк банк экономикалык көрсөткүчтөрдүн начарлашынын шартында каатчылыктан кантип чыгуу керектиги боюнча бир катар кеңештерди берди.

Дүйнөлүк банктын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын баяндамасында: «Мунайга болгон баанын төмөндөшүнө жана суроо-талаптын азайышына карабастан, экономиканы калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик башкаруунун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Тактап айтканда, негизги мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө электрондук аянтчаларды салык ресурстарын башкарууну өркүндөтүү аркылуу ресурстарды мобилизациялоо негизинде жакшыртууга болот. Логистика, санариптик байланыштар менен каржы тармагындагы реформаларга жаңы багыт жеке тармакка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөдө колдоо көрсөтүүсү мүмкүн», - деп камтылган.

 

Фото: kazpravda.kz