Казакстандык курулуш материалдарынын онлайн-платформасы түзүлөт

Казакстандык курулуш материалдарынын онлайн-платформасы түзүлөт

Импортту алмаштыруу. Казакстан чет өлкөдөн импорттолуучу курулуш материалдарын 23% кыскартууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн отурумунда Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкулов билдирди. Анын айтымында, учурда базардын талабына жооп берүү үчүн 33 жаңы долбоор ишке ашырылууда. Натыйжада импорттун үлүшүн кыскартуу жана турак жай курулушунда ата мекендик өнүмдү 90%га көбөйтүү мерчемделүүдө.

«Быйыл биз курулуштун 5 түрүн, анын ичинде айнек, полиэтилен түтүктөрүн, кургак курулуш аралашмаларын, фитингдерди, карапа плиткаларын өндүрүү боюнча импортту алмаштыруучу 8 долбоорду ишке киргизүүнү мерчемдеп жатабыз. Алардын өндүрүш көлөмү 103 миллиард тенге. Бул долбоорлор ички рыноктогу импорттун үлүшүн 15%га азайтат», - деди Бейбит Атамкулов.

Ошондой эле, министрдин айтымында, жылуулук изоляциялоочу материалдарды, карапа кыштарды, санитардык идиштерди өндүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Алардын өндүрүшү 61 миллиард тенге болот. Бул курулуш материалдарын импорттоонун үлүшүн дагы 8%га азайтууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, ата мекендик курулуш материалдарын интернетте сатуу үчүн маалыматтык аянтча түзүлөт. Максаты - онлайн платформа аркылуу атаандаштык чөйрөсүн түзүү. Бул өндүрүштүн өздүк наркын төмөндөткөндөн сыркары, анын сапатын дагы жакшыртат, дейт  мекеме башчысы.

«Бул онлайн-портал ар бир объекттин курулушун компьютердик технологияларды жана акиматтардын каражатынын пайдаланылышын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул материалдардын наркын 15% төмөндөтөт жана курулуш материалдары рыногунун ачыктыгын камсыз кылат», - дейт РКнын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министри.

Анын айтуусунда, мамлекеттин колдоосу менен онлайн аянтча курулуш материалдарын белгиленген наркы боюнча сатууга мүмкүндүк берет.

 

Фото: домстрой29.рф