«Борбордук Азия – Кытай» саясий диалогу ишке кошулду

«Борбордук Азия – Кытай» саясий диалогу ишке кошулду

Борбордук Азия мамлекеттери менен Кытай  туруктуу жана көп тараптуу саясий диалогду улантууга, айыл чарбасындагы жана санариптештирүүдөгү кызматташууну арттырууга макулдашты. Буга Борбордук Азия-Кытай саясий диалогунун ишке кошулушу түрткү берет. Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги видео-конференцияда тараптар биргелешкен билдирүүгө жетишип, кабыл алышканын РКнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кытай жана Борбордук Азия мамлекеттери санариптештирүү, каржы кызматтары, электрондук соода, акылдуу шаарлар жана башка ноу-хау сыяктуу өсүү драйверлери боюнча кызматташууну күчөтүүгө макулдашты.

«Тараптар илимий-колдонмо тармакта, атап айтканда илимди көп талап кылган өнүмдү чыгаруу, ошондой эле, фармацевтика тармагында кооперацияны өнүктүрүү боюнча кызматташууну жолго коюуга даяр», - деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

Ошондой эле, Кытай тарап Казакстандан жана анын коңшуларынан жогорку сапаттагы жана экологиялык таза айыл чарба өнүмдөрүн импорттоону көбөйтүүгө кызыктар экендигин билдирди. Бул үчүн өлкө Борбордук Азиядагы өнөктөштөр үчүн жашыл коридорлорду  уюштурууга кызыктар. Трансчек аралык жүк агымын үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу үчүн «Бир алкак, бир жол» долбооруна артыкчылык берилип, тараптардын аны ишке ашуусуна колдоосу улана берет.

Видео-конференция жүрүшүндө дүйнөнү тынчсыздандырган  пандемияга каршы күрөшүү маселеси башкы  күн тартибине чыкты. Аймактагы кырдаалды талдап, Кытай жана Борбордук Азиянын 5 өлкөсү эпидемияга каршы күрөшүүдө тыгыз кызматташууга макулдашты.

«Тараптар региондук экономикалык интеграцияны, сооданы илгерилетүү жана өз ара инвестицияларды илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерди колдошту», - деп белгиленген маалыматта.

 

Фото: gov.kz