Серепчилер 5 жылдан кийин мунай баасы баррелине 150 долларга чейин жетерин болжолдоду

Серепчилер 5 жылдан кийин мунай баасы баррелине 150 долларга чейин жетерин болжолдоду

2025-жылга чейин мунай баасы баррелине 150 долларга жетиши мүмкүн. Баанын өсүшү мунай өндүрүшүнүн кыскарышы жана тармакка инвестициялардын кескин төмөндөшү менен шартталган. Бул тууралуу мунай рыногундагы кырдаалды талдаган серепчилер билдиришти.

«Каржылык кыскартуулардын кысымы да олуттуу. Кээ бир өндүрүүчүлөр рынокту биротоло таштап кетишет», - деп билдирди  Northern Trace Capital  фондунун өкүлү Тревор Вудс. Анын пикирин The Wall Street Journal жарыялады.

Адистердин айтымында, мындай тенденциянын кесепети узакка созулат. Бул тармакка инвестициялардын кыскарышына байланыштуу мунай өндүрүү суткасына 5 миллион баррелге чейин кыскарат, бул каатчылыкка чейинки көрсөткүчтөн 5% аз. Мунай компаниялары талапты канааттандыруу үчүн болжол менен 10 жыл ичинде кошумча 625 миллиард доллар инвестициялоого аргасыз болушат. Ошентип, мунайдын баасы эки жылда эле баррелине 100 доллардан ашып кетиши мүмкүн. Бирок кара алтынды баррелине 100 доллардан соодалоо 2020-жылдын экинчи жарымынан кечикпейт деп эсептегендер да бар.

Айта кетсек, теке айынын 13 соодалоонун жыйынтыгында мунайга болгон баа олуттуу төмөндөп кеткендигин байкоого болот. Мисалы, WTI баш оона айындагы фьючерси баррелине 40,27 долларга бааланды.

Эске салсак, мунайга болгон баанын түшүшү жалган куран айынын башында башталган, ошол кезде ОПЕК+ мүчө мамлекеттери бир пикирге келе алган эмес. Келишимдин жактырылбаганы баанын түшүшү менен коштолду. Эми уюмдун кийинки отуруму теке айынын 15не белгиленди. Дүйнөлүк рыноктордогу кырдаалдын жакшырышына байланыштуу көптөгөн өлкөлөр баш оона айында мунай өндүрүүнү көбөйтүү жөнүндө макулдашууга үмүттөнүп жатышат.

 

Фото: kem.kp.ru


×