Казакстан мунай өндүрүшүн кыскартуу боюнча ОПЕК келишимин 92% аткарды

Казакстан мунай өндүрүшүн кыскартуу боюнча ОПЕК келишимин 92% аткарды

Кулжа айында ОПЕК өлкөлөрү суткасына 22,3 миллион баррель мунай өндүрүштү. Ошентип, S&P Global Platts билдиргендей, кара алтын өндүрүү 30 жыл мурдагы деңгээлге чейин кыскарган. Эске салсак, 1990-жылы аяк оона айында Перс булуңундагы согуштун башталышы Иракта жана Кувейтте мунай өндүрүүнү толугу менен токтоткон.

Казакстан ОПЕКтин талаптарынын 92% аткарды. Эл аралык келишимди ашыгы менен аткарган  өлкөлөрдүн тизмесине Судан, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары кирет. Алар тиешелүүлүгүнө жараша 147, 136 жана 116 пайызга аткарганы белгилүү болду. Келишимдин шарттарына кайдыгер болгон өлкөлөр да жок эмес. Мисалы, Мексика мунай өндүрүүнү 73%га, Нигерия 60%га, Экватордук Гвинея 55%га жана Конго 34%га кыскарткан.

ОПЕКке мүчө мамлекеттердин кийинки жыйынында өндүрүштү андан ары кыскартуу маселеси талкууланат. Бирок дүйнөлүк экономиканын калыбына келишин эске алганда, баш оона айында өндүрүшкө квота алуу жеңилдеши да ыктымал, дешет серепчилер.

«Мунай өндүрүү көлөмүн күнүнө 9,7 миллион баррелге кыскартуу боюнча келишим теке айына чейин гана күчүндө болот. Андан кийин бул талап күнүнө 7,7 миллион баррелге чейин азаят. Кийинки отурум теке айынын 15не белгиленген», - деп жазды агенттик.

Айта кетсек, Казакстан буга чейин мунай өндүрүшүн акырындык менен баш оона-аяк оона айларында азайтууга убада берген.

 

Фото: bna.bh