Мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө 500 миллион доллар: Дүйнөлүк банк Казакстанга насыя бөлөт

Мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө 500 миллион доллар: Дүйнөлүк банк Казакстанга насыя бөлөт

Долбоордун алкагында берилген насыя өлкөдөгү мал чарба долбоорлорун каржылоого жумшалат. Вашингтондогу Дүйнөлүк банктын Директорлор Кеңешинин чечими Казакстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан жарыяланды. Мекеменин маалыматына ылайык, келишимге күз айларында кол коюлат деп күтүлүүдө.

«Банк тарабынан иштелип чыккан план 5 жылдын ичинде 2021-жылдан 2025-жылга чейин аткарылышы керек. Бул мезгилде Казакстан экологияга терс таасирин тийгизбестен, уй этинин экспортко багытталган тармагын өнүктүрөт. Долбоорду ишке ашырууда Казакстан жаңы каржылык куралды - натыйжага багытталган программалык насыяны колдонот. Бул механизм каражат макулдашылган натыйжага жеткенде гана карыз алуучуга төлөнөт. Мындан тышкары, экспорттун туруктуу өсүшүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн контролдоо тутуму түзүлөт, ветеринардык кызмат модернизацияланат жана мал чарбасы менен алектенген фермерлердин квалификациясын жогорулатуу тутуму түзүлөт. Долбоордун күтүлгөн натыйжасы - ветеринардык кызматтар менен жаныбарларды каттоону жакшыртуу жана эт тармагы үчүн натыйжалуу агроэкологиялык саясатты түзүү болуп саналат», - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Ошондой эле, бөлүнгөн каражаттын эсебинен 20 миңден ашуун үй-бүлөлүк ферма түзүүнү колдоо мерчемделүүдө.

 

Фото: kapital.kz