Astana Finance Days: серепчилер КМШ өлкөлөрүндөгү венчурдук капиталдын экосистемасын талкуулады

Astana Finance Days: серепчилер КМШ өлкөлөрүндөгү венчурдук капиталдын экосистемасын талкуулады

Пандемия венчурдук рынокко кандай таасир этет жана анын дарамети кандай? Astana Finance Days онлайн конференциясынын бүгүнкү отурумунда тармактын адистери ушул жана башка глобалдык суроолорго жооп издеди. Эң актуалдуу талкууларга Казакстан, Орусия жана Борбордук Азия аймагындагы венчурдук фонддор, коомчулук өкүлдөрү менен инвесторлор катышты. Алардын айтымында, казакстандык стартаптар эми өнүгүп жатат. Бирок AIFC Fintech хабы, Астана хабы жана TechGarden сыяктуу акселерациялык программалары ийгиликтүү ишке ашырылууда. «Астана» Эл аралык каржы борборунун дагы ушул рыноктун өсүшүнө кошкон салымы чоң.

«AЭКБнын компетенциясы жаңы гана башталууда. Бирок, анда жазылган принциптер КМШ үчүн негизги багыт болуп саналат. Балким, КМШдагы эң мыкты моделдердин биридир», - деди Starta Ventures шериктештигинин негиздөөчүсү жана башкы өнөктөшү Алексей Гирин.

Жалпысынан катышуучулардын айтымында, КМШ өлкөлөрүндө стартап идеялары жана долбоорлору рыногу өнүккөн эмес жана ири корпоративдик оюнчу болуу үчүн Улуу Британия, АКШ жана Кытай сыяктуу дүйнөлүк рынокторго чыгышы керек.

 

Фото: docplayer.ru