Казакстандын инвестициялык дарамети: кайсы өлкөлөр кайсы тармактарга каражат салууда?

 Казакстандын инвестициялык дарамети: кайсы өлкөлөр кайсы тармактарга каражат салууда?

Көпчүлүк ири рейтингдик агенттиктер Казакстандын насыялык мүмкүнчүлүгүн туруктуу деңгээлде колдошот. Бул мамлекет тарабынан экономиканы турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжасы. Белгилей кетсек, өкмөт экономикалык өсүштү калыбына келтирүү боюнча комплекстүү планды бекиткен. Аларга салыктык жеңилдиктер, насыялоону кеңейтүү, инфраструктураны өнүктүрүү, ата мекендик өндүрүш, ишкердикти колдоо жана жумуш менен камсыз кылуу кирет. Демек, Казакстан чет элдик ишкерлер үчүн өзүнүн тартымдуулугун жоготпошу толук мүмкүн. Айта кетсек, стратегиялык инвесторлор менен иш алып баруу – Президент Касым-Жомарт Токаев белгилеген тапшырма. Жакында республиканын инвестициялык дарамети Норвегияга тааныштырылды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бизнес-семинарга Норвегиянын Иннландет провинциясындагы коммерциялык ишканалардын өкүлдөрү катышты. Ишкерлерге Казакстанда бизнес жүргүзүү шарттары, AЭКБнын  артыкчылыктары жөнүндө маалымат айтылды.

Норвегиянын кар тазалоочу жабдыктарды, тышкы электр аккумуляторлорун чыгарган компаниялар, ошондой эле, туристтик инфраструктураны куруу боюнча компания казакстандык компаниялар менен кызматташууга кызыктар экенин билдиришти. Келечеги бар өз ара натыйжалуу багыттар боюнча диалогду улантуу тууралуу келишимге жетишилди.

Немис бизнесмендери дагы Казакстан менен кызматташууга даяр. Германия мурдагыдай эле Казакстанды өз ара аракеттенүүнү тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайт. Бул тууралуу Берлинде өткөн Евразиялык клубдун 29-жыйынында айтылды.

Ошол эле учурда,  серепчилер немис инвестициясы үчүн чоң келечекти Казакстандын агрардык тармагынан көрүшөт. Германия Федералдык азык-түлүк жана айыл чарба министрлигинин парламенттик статс-катчысы Уве Фейлер агро өнөр жай комплексинин өнүгүшү менен Казакстандын айыл чарба өнүмдөрүнүн сапатына оң баасын берди. Өз кезегинде Казакстан  германиялык инвесторлорго айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга жеке колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул максатта Өкмөттүн атайын жумушчу тобу түзүлгөн, ал ыкчам-укуктук чөйрөдө биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга көмөктөшөт. Мындан тышкары, дараметтүү өнөктөштөргө субсидиялар, жеңилдетилген насыялар, атайын салык режимдери сунушталат. Адистердин айтымында, 2019-жылга карата статистика боюнча инвесторлор үчүн эң жагымдуу дале кен казып алуу тармагы болууда. Акыркы 12 айдын ичинде тармакка рекорддук чет элдик 13,5 миллиард долларлык инвестиция тартылды. Үчүнчү орунга 3,5 миллиард доллар сарптаган өндүрүш жана 3 миллиард долларга жеткен соода-сатык тармагы кирди.

Бул иретте тоо-кен казып алуу өнөр жайынын түзүмүндө чет өлкөлүк инвестициялардын агымы кен өндүрүүгө багытталат.

Жакында белгилүү болгондой, орусиялык инвестор Казакстандагы сейрек кездешүүчү металлдарды өнүктүрүүгө 100 миллион доллардан ашык каражат жумшайт. Ал каржыны 2024-жылга чейин Чыгыш Казакстан облусунун Первомайский айылындагы Иртыш химия жана металлургиялык заводун модернизациялоого бөлүү мерчемделүүдө.

«Kazakh Invest» билдиргендей, компанияга 10 миллион доллардан ашык инвестиция тартылган. Башкача айтканда, айрым участокторду реконструкциялоо аяктап, сейрек кездешүүчү металлдарды - титан жана ниобийди терең иштетүү жараяны жакшыртылды.

«20 тоннадан ашык таза титан экспортко даяр. Жапония жана Европа өлкөлөрү менен экспорттук келишимдерге кол коюлду. Төрт жогорку тазалыктагы ниобий эритмелеринин биринчи экспорту Орусияга жөнөтүлдү. Титан жана ниобий эритмелерин өндүрүүдөн тышкары дагы үч цех курууну пландап жатабыз. Анда  диаметри 10-15 мм, дубалдын калыңдыгы 0,5 мм титан, цирконий ниобийден жасалган түтүктөрдү өндүрүү мерчемделген», - деп орусиялык инвестор Виктор Попов кабарлады.

«Kazakh Invest» маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкөдө 420 миллион долларлык 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылган. 2020-жылдын аягына чейин болжол менен 4 миллиард долларга жакын 33 долбоорду ишке киргизүү күтүлүүдө.

 

Фото: tengrinews.kz