2022-жылы Казакстандагы сугат жерлердин аянтын 2 миллион гектарга жеткирүү мерчемделүүдө

2022-жылы Казакстандагы сугат жерлердин аянтын 2 миллион гектарга жеткирүү мерчемделүүдө

Казакстан Республикасынын Президентинин алдындагы «Жашыл экономикага» өтүү боюнча кеңештин отурумунда туруктуу жана өнүмдүүлүгү жогорку айыл чарбачылыгын өнүктүрүү маселеси ар-тараптуу талкууланды.

Заманбап сугаруу ыкмаларын киргизген казакстандык фермерлерге чыгымдын жарымын төлөп берүү каралып жатат. Ошондой эле, насыя жана лизинг боюнча пайыздык өлчөмдөрүнүн 10% субсидиялап берет.

Ушундай конкреттүү колдоонун аркасында Өкмөт 2022-жылга чейин сугат жерлердин көлөмүн 2 миллион гектарга жеткирүүнү пландаштырууда. Мындан тышкары, күрүч жана пахта сыяктуу сууну көп талап кылган эгин аянттарын кыскартуу иши улантылат.

Күнөскана ээлери да куру кол калбайт. Алардын күнөскана курууга жана керектүү шаймандарды сатып алууга жумшалган каражатынын 30% төлөнүп берилет. Дыйкандарды алдыңкы күнөскана технологияларын киргизүүгө шыктандыруу максатында атайын жабдуу тутумун жана интеграцияланган чечимдерди сатып алууну караган атайын инвестициялык паспорт иштелип чыкты.

Жайыт жерлери да көңүлдөн тыш калган жок. Жайыт инфраструктурасын курууга кеткен чыгым 80%га чейин субсидияланат. Негизинен каражат кудуктарга жана сугат жерлерге төлөнөт.

Бүгүнкү күндө фермерлер айыл чарбасындагы жашыл экономиканын маанилүүлүгүн жана бул багытта колдоолор боюнча кабардар. Улуттук агрардык илимий-билим берүү борборунун КЕАК билим берүү борборлорунда 1400гө жакын семинар өткөрүлдү. Ага 25 миңден ашык адам катышып, алдыңкы чарбалардын мисалдары менен таанышкан.

Белгилей кетсек, отурумдун катышуучулары калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу, кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү, калктуу конуштарды газдаштыруу жана таза транспортту өнүктүрүү аркылуу абанын булгануусун азайтуу маселелерин талкуулашты.

Фото: kaztag.kz