Казакстандыктар ата мекендик автоунааларды тандайт

Казакстандыктар ата мекендик автоунааларды тандайт

Казакстанда жасалган автоунаалар импортту алмаштыра баштады. Өлкөдө сатылган ар бир экинчи жаңы автоунаа ата мекендик товар болуп саналат. Өлкөдө чогултулган темир тулпарына суроо-талап өсүүдө жана тышкы рынокторго экспорттолууда. Муну өндүрүштүн кескин көбөйүшү далилдеп турат. Быйыл бул көрсөткүч 24,5 эсеге өсүп, инвестициялардын жылдык агымы 14,4 эсеге артканы байкалууда.

«2020-жылдын үчтүн-бугу айларында жалпы наркы 173 миллиард теңгеге 26 миң 810 автоунаа өндүрүлдү. Өсүш 47% түздү. Бул мезгил ичинде Орусияга, Беларуска, Кыргызстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга 1 миң 659 автоунаа экспорттолду», - деп билдирет Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги.

Мындан тышкары, акыркы 10 жылдын ичинде айыл чарба техникаларын өндүрүү 5 эсеге, инвестициялар 3,4 эсе көбөйүп, өнүмдүн орточо деңгээли 37% түздү. 2020-жылдын 5 айында эле 12 миллиард 46 миллион теңгеге бааланган айыл чарба техникалары өндүрүлдү. Өсүш 54%. Айыл чарба техникаларын өндүрүүнү стимулдаштыруу максатында ата мекендик тракторлорду жана комбайндарды лизингге берүү программасы ишке кошулду.

Индустриализация темир жол транспортунун өндүрүшүн 3,8 эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Өлкөдө постсоветтик мейкиндиктеги темир жолго арналган катуу дөңгөлөктөрдү өндүрүү үчүн заманбап автоматташтырылган технологиялык комплекс киргизилген биринчи завод ачылды. Ишкананын кубаттуулугу жылына 200 миң дөңгөлөктү түзөт.  Компаниянын өнүмү ички рыноктун керектөөлөрүн толугу менен канааттандырат жана 60% ашыгы Иран, Азербайжан, Орусия жана Түркмөнстанга экспорттолот. Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-бугу айларында 16 миллиард 346 миллион теңгеге 71325 дөңгөлөк чыгарылган. Жалпысынан 2020-жылдын алгачкы беш айында бул багытта 56 миллиард теңгелик өнүм өндүрүлгөн. Локализациянын орточо деңгээли 50% жогору.

Тоо автоунааларын өндүрүү - 1,7 экспорт 1,8 эсеге өскөн. 2020-жылдын 5 айында 8 миллиард теңге суммасында өнүм өндүрүлдү. Мунай жана газ унааларын курууда индустриялаштыруу өндүрүштү 4,2 эсеге жана экспортту 1,1 эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. 2020-жылдын үчтүн айы-чын куран айларында өндүрүш көлөмү 21 миллиард теңгени түздү.

Жалпысынан унаа куруу эң динамикалуу өнүгүп келе жаткан тармактардын бири. Акыркы 10 жылдын ичинде өндүрүш 5 эсеге өстү. Өнөр жайга инвестициялардын көлөмү 3 эсеге көбөйүп, 50 миллиард теңгени түзгөн. Экспорт дээрлик үч эсе көбөйүп, 1,1 миллиард долларга жетти. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 триллион 372 миллиард теңгенин өнүмү өндүрүлгөн. 2020-жылдын 5 айында 535 миллиард теңгеге өнүм өндүрүлүп, 18,5%га өстү.

«Бүгүнкү күндө тармакта болжол менен 3 миңге жакын ишкана иштейт, аларда 65 миң адам эмгектенет. Индустриализация программасын ишке ашыруунун жылдарында унаа куруу тармагында 367 миллиард теңге суммасындагы 128 долбоор ишке ашырылып, 16 миңге жакын жумушчу орун түзүлгөн», - деп кабарлайт министрлик.

Учурда казак компаниялары Орусияга, Кытайга, Бириккен Араб Эмираттарына, Тажикстанга, Азербайжанга, Түркмөнстанга жана башка өлкөлөргө өнүм экспорттошот. 2019-2024-жылдарга арналган унаа куруу тармагын өнүктүрүүнүн Жол картасы бекитилди. Учурда Орусия менен биргелешкен мунай-газ унааларын курууну өнүктүрүүнүн жол картасы ишке ашырылууда.

 

Фото: kapital.kz