Н. Ногаев: Казакстан баш оона-аяк оона айларында мунайды көп өндүрүүгө өтөт

Н. Ногаев: Казакстан баш оона-аяк оона айларында мунайды көп өндүрүүгө өтөт

Казакстан ОПЕК+ келишиминин шарттары боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга даяр. Бул тууралуу Энергетика министри Нурлан Ногаев уюм министрлеринин мониторинг комитетинин отурумунда билдирди. Анын айтымында, бугу айында Казакстан ОПЕК+ келишими боюнча милдеттенмелерин 71%га аткарган. Жалпы өндүрүш 3,13 миллион баррелди түздү. Бул тармактын инерциясына түздөн-түз байланыштуу. Аны менен катар, Ногаев ашыкча өндүрүш ушул жылдын баш оона-аяк оона айларында өндүрүштүн кошумча төмөндөшүнө байланыштуу кайтарыларын атап өттү.

Министр Казакстан ОПЕК+ келишимин, ошондой эле, мунай тармагына оң таасирин жогору баалай турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкө бугу жана кулжа айларында мунай өндүрүүнү суткасына 390 миң баррелге кыскартуу милдетин алган.

Белгилей кетсек, өткөн жылы өлкөдө мунай өндүрүү 90,5 миллион тоннаны түзгөн. 2020-жылы өлкө 86 миллион тонна кара алтын өндүрүүнү мерчемдеп жатат.

 

Фото: inbusiness.kz