АӨБ: Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн ИДӨ өсүшү басаңдайт

АӨБ: Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн ИДӨ өсүшү басаңдайт

Азия-Тынч океан аймагында 2020-жылы Ички дүң өнүм басаңдайт. Коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө багытталган карантиндик чаралар экономикалык активдүүлүктү жана тышкы суроо талапты азайтат. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын жаңы божомолунда айтылат.

Айтсак аймактагы өсүш 0,1% деп болжолдонууда. Бул Азия өнүктүрүү банкынын жылдык «Азия өнүгүүсүнүн болжолу 2020» алдыңкы экономикалык баяндамасында айтылат. Бул чын куран айындагы 2,2% божомолдон бир кыйла төмөн жана аймактагы 1961-жылдан берки эң жай өсүш болуп калмакчы. Эки ай мурдагы баяндамада берилгендей, 2021-жылы өсүш 6,2% чейин жогорулайт. Эмдиги жылы аймактык Ички дүң өнүм деңгээли мурда болжолдонгондон жана кризиске чейинки көрсөткүчтөрдөн төмөн бойдон калат.

«Азия-Тынч океан аймагында ушул жылы COVID-19 пандемиясынын соккусунун кесепети сезиле берет, атүгүл карантиндик чаралар жумшартылып, айрым экономикалык ишмердүүлүк түрлөрү «жаңы шарттарда» ишин жандантканына карабай өсүш татаал болот. Биз 2021-жылы аймактагы өсүштүн жогорку көрсөткүчүн болжолдоп жатканыбызга карабастан, мындай көрүнүшкө быйылкы начар кырдаал өз таасирин тийгибей койбойт. Өкмөттөргө COVID-19 вирусунун терс таасирин басаңдатып жана оорунун кийинки толкундарынын алдын алуу үчүн тиешелүү саясат жүргүзүү керек болот» - деп маалымдайт Азия өнүктүрүү банкынын башкы экономисти Ясуюки Савада.

Гонконг, Корея Республикасы, Сингапур жана Тайбэйдин өнөр жайлуу экономикаларын эске албаганда, Азиянын өнүгүү жаатындагы өсүшү быйыл 0,4% жана 2021-жылы 6,6% түзөт.

Каржы институтунун адистери белгилегендей, 2020-жылы Чыгыш Азияда өсүш 1,3% түзөт. Бул быйылкы жылы өнүгүшү күтүлүп жаткан жалгыз субрегион жана 2021-жылы анын өсүшү 6,8% чейин жетет. Кытайда өсүш ушул жылы 1,8%, кийинки жылы 7,4% деңгээлинде болжолдонууда.

COVID-19 вирусунан жапа чеккен Түштүк Азиянын экономикасы 2020-жылдын чын куран айында болжолдонгон 4,1 пайызга салыштырганда 3 пайызга чейин кыскарып, 1,1% түзөт. 2021-жылга өсүү божомолу 6% көрсөткүчтөн төмөндөп, 4,9% деп өзгөртүлдү. Индия экономикасынын 2020-жылга божомолу -4% деңгээлинде деп терс натыйжа көрсөттү.

Борбордук Азияда Ички дүң өнүмдүн өсүш божомолу -0,5% деп өзгөртүлдү. Бул чын куран айындагы деңгээлден 2,8% төмөн. Аналитиктер муну соода тармагындагы солгундоо жана мунайга болгон баанын төмөндөшү менен байланыштырат. Ал эми 2021-жылы өсүү калыбына келип, 4,2% чейинки көрсөткүчтү түзөт.

 

Фото: rus.azattyq-ruhy.kz