Таза жана пайдалуу: чет өлкөлөрдө казакстандык азыктарга талап өстү

Таза жана пайдалуу: чет өлкөлөрдө казакстандык азыктарга талап өстү

Казакстандан Кытайга кургак төө сүтүнүн биринчи партиясы жеткирилди. Буга бир жума убакыт кетти. Ал өнүм эң жогорку талаптарга жооп берет жана катаал карантиндик жол-жоболордон өттү. Өлкөнүн айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортчулары бирикмеси үч жарым тоннадан ашык төө сүтүн сыртка жөнөттү. Бул келишим Мамлекет башчысынын өткөн жылдын аяк оонасында Кытайга барган иш сапарынын жүрүшүндө кол коюлган макулдашуунун алкагында жүзөгө ашырылды. 

«Биз Казакстандан кургатылган төө сүтүнүн ири партиясын, 7 миңден ашык банка сүттү импорттодук. Бул сүт өзүнүн дарылык касиети менен белгилүү, иммунитетти көтөрөт. Анын баасы интернетте сатылгандан 20% төмөн. Биз кургак сүттөн тышкары, сиздердин өлкөдөн ун менен минералдык сууну импорттоону болжолдоп жатабыз», - дейт кытайлык соода-инвестициялык компаниянын мүдүрүнүн жардамчысы Чжан Шэнфэн. 

Өткөн жылы Кытай 150 миллиард доллардан ашыК көлөмдө азык-түлүк импорттогон. Казакстан өз кезегинде Кытайга дан, сүт, эт азыктарын кошо алганда 18 түрдүү өнүмдү экспорттоого уруксат алды. Экологиялык жактан таза жана табигый азык-түлүктөр Кытай Эл Республикасында абдан жогору бааланат. 2018-жылы бештин айында Казакстандын айыл чарба экспортчуларынын ассоциациясы Кытайга тоңдурулган кой этинин биринчи партиясын жеткирген. Ал эми өткөн жылдын аягында өлкөнүн чыгышындагы Иу шаарында казак товарларынын павильону ачылган. Алдыда өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү планы бар.

«Сиань шаарында экинчи казакстандык соода үйүн ачууну пландап жатабыз. Тиешелүү келишимге Бир алкак, бир жол экинчи форумунда өкмөттөр аралык деңгээлде кол коюлган. Азыркы учурда ассоциация Кытай рыногунда жок товарларды жеткирүүнүн жолдорун карап жатат», - дейт Казакстандын айыл чарба өнүмдөрү бирикмесинин төрагасы Бауыржан Бакшылов. 

Мындан тышкары, казакстандык товарларды Кытайдагы интернет-дүкөндөрдөн сатып алууга болот. Биздин улуттук бренд болуп калган чай, өсүмдүк майы, таттуулар жана "Мейд ин Казакстан" кара шоколады ири соода борборлорунда сатылууда. Казакстанда өндүрүлгөн унга кытай кардарларынын арасында суроо-талап жогору.

 

Фото: avestnik.kz