Казакстан дарыя жана деңиз аркылуу жүк ташууну көбөйтөт

Казакстан дарыя жана деңиз аркылуу жүк ташууну көбөйтөт

Актау жана Курык порттору аркылуу 2020-жылдын алгачкы 5 айында 2,6 миллион тонна жүк ташылган. Бул тууралуу РК индустрия жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Контейнерди ташууда оң тенденция сакталып келет. Бул көрсөткүч 19% көбөйүп, 11 712 бирдикке жетти», - деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын үчтүн айы - бугу айларында Каспий деңизинин портторунда 1 миллион тонна жүк ташылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 104% түздү.

Ага ылайык, деңиз транспорту ишканаларынын кирешеси көбөйдү. Бүгүнкү күндө ал 12% өсүп - акчалай 1,3 миллиард теңгени түздү. Мындай сандарды energyprom.kz келтирди.

Ички суу жолдоруна келсек, мында навигациялык этапты өз убагында ачууну камсыздоо үчүн тиешелүү иш-чаралар көрүлдү.

Навигация башталгандан бери дарыя транспорту менен ар түрдүү 153 миң тонна жүк ташылган. Алардын 46 миң тоннасы Орусия Федерациясынын Омск облусуна жөнөтүлдү. Бул 2019-жылдын 5 айына караганда 8% көп.

Быйыл өлкө боюнча дарыя аркылуу 1,6 миллион тонна жүк ташуу пландалган. Алардын 650 миң тоннасы Орусияга ташылат. Белгилей кетсек, дарыя аркылуу ташылган жүктүн жалпы көлөмү 2019-жылы 1,5 миллион тоннаны түздү.

«Жыл башынан бери кеме шлюздарын капиталдык оңдоп-түзөө алкагында темир-бетон түзүлүштөрүнүн жалпы 4500 м2 аянты оңдолду, же жылдык көлөмдүн 25% аткарылды», - деп белгиленет РК ИИДМ билдирүүсүндө.

Жалпысынан өлкөдөгү бардык кеме шлюздарын капиталдык оңдоодон өткөрүү кырсыктардын санын 10,3% чейин азайтып,  өткөрүү дараметин жылына 350 кемеге чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Айтсак Чыгыш Казакстан облусунда кеме шлюздарын капиталдык оңдоо иштери башталды. Жыл соңуна чейин объектилерде 40 миң чарчы метрден ашкан аянтта бетонду калыбына келтирүү пландалган. Белгилей кетсек, ал иштер «Нурлу жол» мамлекеттик программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Иртыш бассейниндеги жүк ташуу эле болжол менен 1,4 миллион тонна жүктү түзөт. Орусия жана Кытай менен эки тараптуу жеткирүү көлөмүн арттырууну эске алуу менен товар жүгүртүүнү келечекте эки эсеге көбөйтүү пландаштырылган.

Жалпысынан республикада дарыя кемечилиги Иртыш, Урал-Каспий жана Иле-Балхаш бассейндеринде жүзөгө ашырылат. Бүгүнкү күндө тармакта 14 миңге жакын адам иштейт.

 

Фото: trend.az