COVID-19 казакстандык товар өндүрүүчүлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат

COVID-19 казакстандык товар өндүрүүчүлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат

Ондон ашык ата мекендик ишкана коронавируска каршы күрөшүү үчүн өнүм чыгарган компаниялардын глобалдык тизмесине кирди. Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) пандемия учурунда негизги товарларды ташуу боюнча жүргүзүлгөн изилдөө жыйынтыктарын жарыялады. Эпидемия глобалдык деңгээлде жайылып жаткан учурда, мамлекеттер керектүү коргоо каражаттары менен камсыздалган эмес жана медициналык шаймандар жетишсиздиги байкалды. Дүйнөлүк өндүрүш мындай талапка даяр эмес болгон. Эл аралык Валюта Фондунун билдиришинче, өзгөчө кырдаалга байланыштуу жарыяланган чектөөлөрдөн улам, башка өлкөлөрдөн жеткирүү мүмкүн болгон эмес.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, ай сайын пандемия менен күрөшүү үчүн 89 миллион медициналык беткап, 76 миллион жуп колкап жана 1,6 миллион көз айнек керек. Жыл башынан бери COVID-19 тез жайылышы дүйнө жүзү боюнча ушул шаймандардын корлорун азайтты. Өндүрүштүк буйрутмаларын аткаруу көрсөткүчү 6 айга жылдырылды. Суроо-талапты канааттандыруу үчүн өндүрүштү 40% көбөйтүү керек», - дейт изилдөөнүн авторлору.

Коронавирус менен күрөшүүгө арналган өнүмдөрдү өндүрүү үчүн чийки зат менен компоненттерди издөөнү жеңилдетүү максатында, Азия Банкы жеткирүү тизмегинин интерактивдүү картасын түзүп чыкты.

«Жеткирүү маселелерине байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн өнүм курамына кирген  компоненттердин толук сыпаты менен ага тиешеси бар  компанияларды аныктап алышыбыз керек. Бул маалыматтарды картага киргизүү аркылуу биз банктарга, инвесторлорго жана өкмөттөргө транспорттук маселелерди тез арада чечүүгө жардам берүүнү көздөп жатабыз», - дейт АӨБнын каржы, соода жана жабдыктоо боюнча башкармалыгынын башчысы  Стивен Бэк.

Интерактивдүү картанын жардамы менен дүйнө жүзү боюнча ушул тармакка байланыштуу бардык компаниялардын, мисалы, аты, жайгашкан жери, жүгүртүүсү сыяктуу жана башка маалыматтар менен таанышууга болот. Бул тизмеде казакстандык компаниялар да бар. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында топтолгон ишканалар медициналык көз айнектерди, респираторлор менен өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттарын кураштырууга керектүү компоненттерди жана чийки заттарды өндүрүшөт. Азыр алардын өнүмдөрүнүн экспорттук дараметин жогорулатуу сыяктуу чоң мүмкүнчүлүктөр караштырылып жатат.

 

Фото: cabar.asia