Былтыр өлкө казынасынын жарымы социалдык тармакка жумшалды

Былтыр өлкө казынасынын жарымы социалдык тармакка жумшалды

Мамлекет өзүнүн социалдык милдеттенмелерин толугу менен аткарды. Бул тууралуу Парламент Мажилисинин жалпы отурумунда  өкмөттүн 2019-жылкы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётун кароо учурунда  Каржы министри Ерулан Жамаубаев билдирди.

«Өткөн жылы бюджеттик чыгымдардын эсебинен 344 бюджеттик программаны каржылоо аркылуу 53 стратегиялык багыт ишке ашырылды. Стратегиялык пландардын 264  индикатору аткарылды. 13 мамлекеттик программа каржыланды. Тактап айтканда, «Нурлы жол» мамлекеттик программасы боюнча миңдеген туруктуу жумуш орундары түзүлдү. Транзиттик жүктүн көлөмү болжол менен 20 миллион тоннага жакындады. 115 км жылуулук, суу түтүктөрү жана канализация тармактары курулуп, реконструкцияланды», - деди министр.

Анын айтымында, «Нурлы жер» программасынын алкагында социалдык жактан аярлуу топторго, көп балалуу үй бүлөлөргө жана жумушчу жаштарга 19 миңден ашык батир пайдаланууга берилди. «Эмгек» мамлекеттик программасы боюнча 22 миң жаштар кесиптик-техникалык билим алып, 19 миң адам микрокредит жана грант алышты. Биринчи жолу болжол менен 6 миңге жакын жаштар өз бизнесин ачып, кеңейтишти.

«ИДӨнүн өсүү темпи 4,5%ды түздү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 8,5% өстү. Тармактар ​​аралык инвестициялардын олуттуу өсүшү айыл чарбасында 41,1%, өнөр жайда 15% жана кыймылсыз мүлк менен болгон операцияларда 14,7% өстү. Өкмөт жумуш менен камсыз кылуу жана көп балалуу үй бүлөлөрдү, жаштарды колдоо боюнча чараларды кеңейтти. Президенттин тапшырмаларын аткаруу максатында калктын социалдык аярлуу катмарынын экинчи деңгээлдеги банктарда жана микрофинансылык уюмдарындагы 716 миң капилсиз насыялары кайтарылып берилди», - деди Ерулан Жамаубаев.

Каржы министринин айтымында, салыктык мунапыс аркылуу негизги сумманы кайтарып берүү шарты менен айып пулдарды эсептен чыгаруу боюнча салыктык бошотуудан  56 миңге жакын кичи жана орто бизнес субъектиси менен 750 миңден ашуун жеке адамдар пайдаланган. Жалпысынан бюджетке 10,6 триллион теңге түшкөн. Социалдык чыгымдар 2018-жылга салыштырмалуу 22%га көбөйүп, 5,2 триллион теңгеге жетти.

«Мамлекеттик пландоо тутумун өркүндөтүү боюнча Өкмөт тарабынан тиешелүү чаралар даярдалууда. Тактап айтканда, мамлекеттик программалар менен стратегиялык пландардын максаттуу индикаторлорун өзгөртүүгө тыюу салынат. Мамлекеттик программаларда каржылык колдоо алган ишкерлердин каршы милдеттенмелеринин түрлөрү дагы каралат», - деди Ерулан Жамаубаев.

Бул долбоордо стратегиялык жана бюджеттик мерчемдөө тутумунун механизмдерин кайра карап чыгуу, бюджеттик инвестициялардын күтүлүп жаткан экономикалык натыйжалуулугун баалоо үчүн ченемдерди киргизүү, ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөткөн операторлор үчүн казыналыкта атайын эсептерди ачуу каралган. Бардык сунушталган өзгөртүүлөр бюджеттик жараянды өркүндөтүүгө багытталган.

 

Фото: nb.kz