Карантинден кийин кызмат көрсөтүү жана өндүрүштүк тармактар динамикалуу өнүгүп жатат

Карантинден кийин кызмат көрсөтүү жана өндүрүштүк тармактар динамикалуу өнүгүп жатат

Чектөө чаралардын жеңилдешине байланыштуу бугу айынан бери кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө айрым тармактардын калыбына келиши байкалды. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда Улуттук экономика министри Руслан Даленов билдирди.

Анын айтымында, соода 28,3%, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр 20,7%, жүргүнчүлөрдү ташуу 41,5%, жүк ташуу 5,7% жогорулаган. Тейлөө кызматтары 10,8% өстү. Жалпысынан жыл башынан бери товарларды өндүрүү 4,8% арткан. Соода профицити өткөн жылдын үчтүн айы-чын куран айларына салыштырмалуу 4,0% жогорулаган. Өндүрүш тармагында өсүш уланууда.

«Экономикалык ишмердүүлүктү андан ары калыбына келтирүү максатында бугу айынын 20да 2020-жылга комплекстүү план кабыл алынган. Ал колдонулган мүнөздөгү конкреттүү чараларды камтыйт. Бул биринчи кезекте өнөр жайды өнүктүрүү фондун түзүү. Кайра иштетүүчү ишканаларга 3% жеңилдетилген насыя берүү мерчемделүүдө», - деди министр.

Улуттук банктын төрагасы Ерболат Досаев  ишкердик жигердүүлүк жогорулаганын белгиледи. Өлкөдөгү 450гө жакын ири, орто жана чакан ишканаларды сурамжылоого ылайык, өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишкердиктин индекси чын куран айындагы 37,2  пункт менен салыштырмалуу бугу айында 44 пунктка жогорулаган.

Улуттук банктын төрагасы дүйнөлүк рыноктордо мунайга болгон баа дагы көтөрүлүп келе жатканын айтты. Анын айтымында, карантиндик чаралардын кыскарышы экономикалык жигердүүлүктү жандандырууга жана энергетикалык ресурстарга суроо-талапты күчөтүп жатат.

«Мунай өндүрүшүн кыскартуу боюнча ОПЕК+ келишиминин аткарылышына байланыштуу мунай рыногундагы баланс акырындык менен жөнгө салынууда. Бугу айында мунайдын бир баррели 25,3 доллардан 35,3 долларга чейин же 39,8% көтөрүлдү. Кулжа айынын 8не карата мунайга болгон дүйнөлүк баа баррелине 40,8 доллар деңгээлинде жабылды», - деди Ерболат Досаев Өкмөттүн жыйынында.

 

Фото: kapital.kz